Самара Каримова директордун кабинетине кечинде келип, кулпуну алмаштырып койгон (Видео)

Ырчы Самара Каримова 18-январда кечинде Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдагы директордун кабинетине кирип, эшиктин кулпусун алмаштырып койгон.

Каримованын жанындагы милиция кызматкерлери чапталып бекитилген эшикти ачууга ырчыга уруксат бергендиги маалымдалды.

Ал эми Самара Каримова музыкалык окуу жайга эмнеге кечинде кирип барганы тууралуу айтып берди.

Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына директор катары ишке киришкенин ЖМКга билдирген.

Ал өзүнүн директор болуп дайындалышына каршы жамааттын бардыгы эмес, 10-15 киши каршы чыккан, калгандары макул болушканын айткан. Самара Каримова жаматтын бардык мүчөсү менен тил табышып иштээрин билдирген. Каримова Оштогу музыкалык окуу жайына директор болууну жокко чыгарган маданият министринин буйругун сотко берип, жакында соттон утуп алгандыгы маалым болгон.

Окуу жайдын жамаатынын пикири бул видеодо:

Конституциялык палатанын экс-төрайымы Клара Сооронкулова Самара Каримованы мурда эч ким директорлук кызматтан бошотуу буйругун чыгарбаганын айтат.

— Чынында Самара Каримованы эч ким кызматтан бошоткон эмес. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ал кездеги статс-катчысы Бактыбек Секимов Ташкентте жүрүп, 2018-жылдын 24-октябрында Каримованы директорлук кызматка дайындоо боюнча буйрук чыгарат. Ал мындай буйрукту кантип чыгарганын бир гана өзү билээр. Ошондуктан Секимовго 2019-жылдын февраль айында сөгүш берилген.

Азамат Жамангулов 2018-жылдын 24-октябрында министрлик кызматка киришкенден кийин статс-катчы Секимовдун буйругун иш кагаздары боюнча типтүү келишимдин негизинде жараксыз деп таап, аны 2018-жылдын 1-ноябрындагы буйругу менен жокко чыгарган. Самара Каримова ал кызматта бир жума да иштеген эмес. Жамангулов Каримованы кайра кызматка дайындоо боюнча буйрук чыгарган эмес.

Андан эки жыл өткөндөн кийин Самара Каримова окуу жайга директор болууну чечкен, ал эми сот Каримова кызматтан туура эмес бошотулган деп эсептеген. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругунда Каримованы кызматтан бошотуу тууралуу сөз болгон эмес.

Азыркы министр Нуржигит Кадырбеков соттун чечиминин күчүнө киришин күтүп отурбастан, иштеп жаткан директор Нурлан Каримовду өз каалоосу менен жумуштан кетиртип, ордуна Самара Каримованы окуу жайдын директору кызматына дайындаган, -дейт Клара Сооронкулова.

Самара Каримова 2018-жылы октябрь айында Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директору болуп дайындалганы маалымдалган.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2018-жылы 1-ноябрда Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындаган буйрукту жокко чыгарган.

2018-жылы 24-октябрда Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча министрдин милдетин аткарган статс-катчынын колу коюлган буйрук чыккан. Андагы жаңы дайындалган министр Азамат Жаманкулов Каримованы дайындоо боюнча буйрукка статс-катчы Бактыбек Секимов Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгонун аныктаган жана бул буйрук мыйзамсыз болгон.

Жаманкулов буйрукту жокко чыгаруу менен ага кол койгон статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөнү да кабарландган жана статс-катчыга сөгүш берилген.

Каримова ага чейин “Сулайман тоо” музей-комплексине жетекчи дайындалып, бирок элдин сынынан соң андан баш тарткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты