​Аллергиясы бар улгайган адамдар үчүн “Sputnik V” вакцинасы кооптуубу? (Фактчекинг)

Өнөкөт оорулары жана аллергиясы бар улгайган адамдар коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдөн баш тартышы керек экендигин Россиянын аллерголог-онкоиммунологу Даниил Шепеляев Nation News агенттигине билдирген.

Аллерголог-онкоиммунолог Даниил Шепеляев вакцинанын элементтерине, анын ичинде тоок жана өрдөк протеинине сезгич адамдар коронавируска каршы эмделбеши керектигин белгилеген.

«Курчуу стадиясында катуу өнөкөт оорулары бар адамдарга вакцина бербөө керек. Эгерде организмде сезгенүү процесси активдүү жүрсө, анда толук калыбына келмейинче эмдөө мүмкүн эмес«, — деген Шепеляев.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Nation News агенттигинин бул макаласында Россиянын коронавируска каршы ойлоп тапкан вакцинасы тууралуу сөз болууда.

Эске салсак, Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын иштеп чыккан. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн.


Вакцина толук түрдө клиникалык сыноодон өткөрүлгөн

Вакцина клиникалык натыйжалуулуктун бардык этаптарын жана коопсуздук сыноолорун толугу менен өткөргөн. Ага лабораториялык жаныбарлардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде приматтардын 2 түрү боюнча эксперименттер киргизилген.

Вакцинанын 1 жана 2-фазалык клиникалык сыноолору 2020-жылдын 1-августунда аяктаган. Бардык ыктыярчылар анализдерди жакшы көтөрүшкөн. Күтүлбөгөн жана олуттуу терс көрүнүштөр болгон жок. Вакцина жогорку антитело жана уюлдук иммундук реакцияны пайда кылды. Учурдагы клиникалык сыноонун бир дагы катышуучусу вакцина салынгандан кийин коронавируска чалдыккан жок.

Вакцинанын жогорку эффективдүүлүгү ыктыярдуу адамдардын кан сары суусундагы антителолорго, ошондой эле волонтерлордун иммундук клеткаларынын коронавирустук чиркөөнүн S протеинине жооп катары активдешүү жөндөмдүүлүгүн аныктаган жогорку тактыктагы анализдер менен тастыкталган. Бул антителонун да, уюлдуктын да пайда болушун көрсөтөт.

Бул жаңы элемент организм үчүн коопсуз. Бирок ал иммундук системанын реакциясына жана инфекциядан коргой турган антителолорду чыгарууга жардам берет

Каршы көрсөткүчтөр — өнөкөт тутумдук инфекциялар, кургак учук, неоплазмалар, В жана С гепатиттери, сифилис, ВИЧ менен жабыркаган адамдарга эмдөө жүргүзүлбөйт. Жогорудагы оору менен жабыркаган адамдар эмдөөдөн баш тартышы керек. Ошондой эле акыркы айда башка эмдөөлөргө ээ болгон адамдар эмделбейт. Вакцинаны аллергиясы бар адамдарга, курчуу фазасынан тышкары колдонсо болот


Россиянын Саламаттыкты сактоо министри 60 жаштан ашкандарга «Sputnik V»ны колдонууга уруксат берген

Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 60 жаштан ашкан адамдар үчүн «Sputnik V» вакцинасын колдонууга уруксат берген.

Коронавирус жашы өтүп калган адамдар үчүн чоң коркунуч жаратат. Ушул курактык топтогу ыктыярчылардын арасындагы клиникалык изилдөөлөр ийгиликтүү болгон.

Россиянын Түз инвестициялар фондунда белгиленгендей, вакцинанын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу 90% дан ашкан. Жыйынтыгында, ар бир адам жашы чектелбестен, масштабдуу эмдөө өнөктүгүнө катыша алат.

“Sputnik V” вакцинасын курактык топтогу изилдөөнүн башчысы, президенттик администрациянын башкы кардиологу, Борбордук клиникалык оорукананын башкы илимий кызматкери Никита Ломакин «Известия» сайтына берген маегинде, 60 жаштан жогору курактагы “Sputnik V” коронавирус вакцина сыноолорунун катышуучуларынын эч кимиси терс таасирин көрсөтпөгөнүн билдирген.

Ошондой эле, Никита Ломакин Известияга 60+ категориясындагы биринчи топко кирген пациенттердеги вакцинага болгон реакциянын айырмачылыгы, аларга эмне түрткү болгонун жана жаңы препаратка байланыштуу окумуштууларды кандай суроолор кызыктырары жөнүндө айтып берген.

Россиянын коронавирус тууралуу расмий сайтынын изилдөөлөрүнө таянсак, 60 жаштан ашкан курактагы адамдардын арасынан 28 адамдан вакцинанын биринчи дозасын алышкан. Алардын бирөөндө да вакцинага болгон терс таасир байкалган эмес. Бул улгайган курактагы адамдарда бир аз басылып калган иммундук система бар экендигин көрсөтөт жана бул абдан жакшы факт деп эсептелет.

Спутник V вакцинасын сындагандар

Швециянын Каролинска институтунун лабораториялык дары бөлүмүнүн башчысы Матти Селберг белгилегендей, биринчи жана экинчи фазалар айкалышкан клиникалык изилдөөнүн катышуучуларынын аздыгы, вакцинаны массалык түрдө колдонууда эч кандай терс таасирлери жок деп эсептөөгө жол бербейт.

АКШнын башкы жугуштуу оорулар боюнча адиси Россиянын COVID-19 эмдөөсүнүн коопсуздугуна «олуттуу күмөн санаарын» билдирген. Германиянын Саламаттыкты сактоо министри жетишсиз текшерүүдөн өткөн дарыны колдонуу туура эмес болуп калса, вакцинанын коомдук кабыл алынышын «өлтүрүп» салаарын баса белгилеген.

АКШнын Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун директору Энтони Фаучи Sputnik V коронавируска каршы Россиялык вакцинанын жактырылышы жөнүндө пикирин National Geographic берген маегинди билдирген.

Анда, Энтони Фаучи: «Орустар чындыгында вакцинанын коопсуз жана натыйжалуу экендигин биротоло далилдешти деп үмүттөнөм. Бирок, мен алардын жасагандыгына олуттуу шек санайм”, — деп билдирген.

«Бизде ондогон же андан көп вакцина бар. Ошентип, биз тобокелге салып, көп адамдарга зыян келтирүүнү же аларга иштебей турган нерсени берүүнү кааласак, кийинки жумада жасай башташыбыз мүмкүн. Бирок, биз андай болушун каалабайбыз» — дейт ал.

Жыйынтык: Изилдөөлөргө таянсак, 60 жаштан ашкан курактагы адамдар арасынан “Sputnik V” вакцинасына болгон терс таасири байкалган эмес. Демек, 60 жаштан ашкан адамдардын тобуна covid-19га каршы Sputnik V вакцинасын колдонууда эч кандай коркунуч жаралбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты