​Сарымсак менен күн карама майынын аралашмасы коронавирусту жеңери тастыкталган эмес

Манасбек Султанов аттуу Фейсбук колдонуучусу коронавирусту (COVID-19) профилактика кылуу үчүн күн карама майы менен сарымсактын аралашмасын сунуштайт. Ал видеого ылайык, бул аралашманы мурундун ичине тамызуу менен пневмония, грипп, коронавирус жана туберкулездун алдын алса болот. Мындан сырткары, видеонун автору бул ыкманы бир да дарыгер четке какпагынын билдирип, эң ишенимдүү вакцина деп билдирген.


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сарымсак коронавирусту жеңе алат деген маалымат такталбаганы маалымдалат. Ошондой эле, ДССУ мурун ичин кандайдыр бир элдик ыкма менен даярдалган кошулмалар менен чайкоо респиратордук оорулардан сактайт деген далилдер жок экенин эскертет.

Мындан сырткары, сарымсак коронавирустун жайылышын азайта алат же болбосо сарымсакты коронавируска каршы профилактикада колдонуу пайда лып келе турганы далилденген эмес. Бул тууралуу WebMD журналында жарыяланган изилдөөдө айтылат.

Дүйнө жүзүндө ар кайсы азыктар коронавирусту жеңе алат деген маалыматтар көп кездешүүдө. Сарымсак, пияз жана имбир коронавирусту профилактика кылууда жардам бере турганы көп айтылат. ДССУ жогоруда айтылган азыктардын коронавируска каршы сапаттары тууралуу маалымдама тараткан. Ага ылайык, бул азыктар коронавирустун жайылышына терс же оң таасирин тийгизбейт.

ДССУ жарандарды такталган гана маалыматтарга ишенүүгө чакырат:

Эске сала кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму германиялык BioNTech жана америкалык Pfizer компанияларынын коронавируска каршы BNT162b2 вацинасын ДССУ өзгөчө кырдаалда колдоно турчу каражаттарынын тизмесине кошкон.

Жыйынтык: Сарымсак, пияз жана имбир коронавируска каршылык көрсөтүүчү тараптары тастыкталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты