​Ырчы Курал Чокоев Ютубдагы берүүсүн өчүрүп, коомчулуктан кечирим сурады

  • 3 года мурун

Ырчы Курал Чокоев Ютуб каналындагы коомчулук катуу сынга алган берүүсүнүн бардык чыгарылышын өчүрүп, коомчулуктан кечирим сурады.

Бул тууралуу ал Инстаграмм баракчасында билдирди.

Курал Чокоевдин жана анын өнөктөштөрүнүн ырчы Кайрат кыргыз менен болгон Ютуб каналындагы берүүсү коомчулуктун катуу сынына кабылган. Адамдын коомдогу жүрүм-турумуна жат, орунсуз тамаша менен коштолгон шоусу жабылышы керектигин коомчулук талап кылган.

Радио жана телеберүүлөр Курал Чокоевдин ырларына, өзүнө бойкот жарыяланарын, маданият министрлигинин өкүлдөрү ага кескин чаралар көрүлүшү керектигин айтып чыгышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты