Журналисттер технологиялык компаниялардан Орусияда интернетти өчүрүүгө жол бербөөнү өтүнүштү

  • 11 месяцев мурун

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму жана Орусиядагы көз карандысыз басылмалардын башкы редакторлору менен журналисттери дүйнөлүк ири технологиялык компаниялардын жетекчилерине кайрылып, Орусияда глобалдык Интернетти өчүрүүгө жол бербөө үчүн «Диктатурага каршы инженерлер» тобун түзүүгө чакырышты.

Бул тууралуу «Медуза» басылмасы жазды.

Журналисттер Apple’дин башкы директору Тим Кукка, Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровго, Twitter’дин ээси Илон Маскка, Meta’нын башкы директору Марк Цукербергге, ошондой эле YouTube, Google, Microsoft жана Linkedin платформаларынын жетекчилерине кайрылуу жолдошту.

Анда Орусия бийлиги Владимир Путинди президенттик кызматта калтыруу үчүн 2024-жылкы президенттик шайлоонун алдында «Кремлдин расмий версиясынан айырмаланган маалымат тараткандарга карата кысымды күчөтөт деп күтүлүп жатканы жазылган.

«Орусия Украинага кол салгандан бери орус журналисттери согуш тууралуу объективдүү маалымат таратып жаткан эки гана платформа – Telegram менен YouTube чектөөгө кабыла элек. Күзүндө бул эки платформа да бөгөттөлүшү мүмкүн деген тынчсыздануулар бар. Азыр бөгөттөөлөрдү айланып өтүүгө жардам бере турган технологиялык чечимдер бар. Мисалы, «домендик фронтинг», Кремль аны өчүрө албайт» деп жазылган журналисттердин кайрылуусунда.

Кайрылуунун авторлору технологиялык компанияларды «орус жарандарына көз карандысыз ЖМКларга жетүү мүмкүндүгүн түзүп берүү боюнча чечимдерди» биргелешип иштеп чыгууга чакырышты.

Кайрылууга Орусиядагы «Медуза», ,The Bell , «Дождь», «Медиазона», Republic, «Вёрстка», «Важные истории», «Эхо» сыяктуу көптөгөн көз карандысыз басылмалардын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери кол койгон.

Азырынча бейшемби күнү жарыяланган кайрылууга технологиялык компаниялардын өкүлдөрү эч кандай реакция кыла элек.

Орусияда белгилүү бир учурларда өлкөнү глобалдык интернеттен өчүрүүгө мүмкүндүк бере турган «суверендүү интернет» тууралуу мыйзам кабыл алынган. Мындан тышкары бийлик батыш өлкөлөрүндө иштелип чыккан көптөгөн ири социалдык түйүндөрдү бөгөттөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты