Мыйзам долбоору: Ысык-Көлдөгү туристтик объекттерди чет өлкөлүктөргө сатууга уруксат берүү боюнча

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдөгү туристтик объекттерди чет өлкөлүктөргө сатууга уруксат берүү жана андагы жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков жана Эльмурза Сатыбалдиев.

Мында белгилей кетүүчү жагдай, каралып жаткан мыйзамдын 1-беренсине ылайык, рекреация объекттери дегенде эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер түшүнүлөт.

Ошентип, мыйзамдын колдонуудагы редакциясында рекреациялык объекттер чет өлкөлүк жактардын менчигинде болушу мүмкүн эмес, алар өзүнүн маани-маңызы боюнча инвестиция тартууга жагымдуу болуп саналат, жана бул объекттерди чет өлкөлүк жактардын пайдалануусуна берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн, -деп жазылган.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жактарга рекреациялык объекттерге менчик укугун жана пайдаланууга берүү менен байланышкан түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда, алар “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине чет өлкөлүк жактарга рекреациялык объекттер жайгашкан жер участокторуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү бөлүгүндө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү каралууда, -деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары (0772) 555-277 жана электрондук дарек аркылуу билдирсеңиздер болот: ea.pazylov@gmail.com

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты