22-июнда борбор шаардын айрым райондорунда суу болбойт

  • 11 месяцев мурун

“Бишкексууканал” башкармалыгынын маалыматына ылайык, эртең, 22-июнда, саат 09:00дөн 24:00гө чейин айрым турак жай, мектеп, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: «Кыргызстан-1» конушунун Кырман көчөсү, Кожомкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисинин батыш тарабынан Кожомкул көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас айылы.

ВДНХдагы диаметри 300 мм жана 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу суу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты