​Авиакассаларда сатылган жасалма медициналык тастыктама, кыйналган мигрант

23-декабрь күнү, Жогорку Кеңештин парламенттик жыйынында депутат Алмазбек Токторов Мамлекеттик Миграция кызматына кайрылып, мигранттарды Россия мамлекетине жиберүү үчүн кээ бир авиакассалар өздөрү медициналык тастыктамаларды жасатып сатып жатканын жана ага каршы эч кандай чара көрүлбөй келатканын белгилеген:

“Биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирип, келишим түзгөндөн кийин башка мамлекеттер бир жактуу кошумча чектөөлөрдү жана босоголорду киргизгенге укуктуу эмес. Анткени, ЕАЭБтин келишиминде жумушчу кыймылынын жана эркин капиталдын болушу керектиги тууралуу так жазылган. Ошондуктан, бардыгы тең укуктуу болушу керек. Ал эми бизде, чектөөлөр болгон үчүн, көпчүлүк мигранттар социалдык тармактардан билет саткан жерден эле медициналык тастыктамаларды жасатып, ага 20 миң сомго жакын акча талап кылып жатышканын айтышууда. КР Мамлекеттик миграция кызматы жана ИИМ бул нерсени көзөмөлгө алышыңар керек”, -деп билдирген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

“ЕАЭБтин мыйзамдары бузулган жок”

Россия Федерациясы ЕАЭБтин мыйзамдарын бузуп, аталган биримдиктин курамына кирген өлкөлөргө карата бир жактуу чектөөлөрдү киргизди деген сөз чындыкка дал келбестигин БШКнын мүчөсү жана юрист Кайрат Осмоналиев билдирди:

“Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр баш ийген атайын мыйзамдар бар. Ушул мыйзамдын 1-беренесинде, төмөнкүдөй пункттар камтылган:



















Азыркы учурда, биз үчүн эң маанилүү маселе “Жумушчу кыймылынын эркиндиги” болууда. Негизинен Кыргызстан менен Россиянын ортосунда виза системасы жоюлуп ушул убакка чейин мигранттардын киришине чоң тоскоолдуктар болгон эмес. Бирок, пандемиядан улам Россия март айынан баштап жарандыгы жок инсандардын киришине чектөө киргизген. Бул жалгыз эле Россиянын көз карашы деп айтуу туура эмес, анткени коронавирустан улам бир катар өлкөлөрдө ушундай чектөөлөр киргизилип, бул “Форс мажор” катары эсептелип калды. Башкача айтканда, Covid-19 пандемиясы сыяктуу кооптуу учурларда, көпчүлүк укуктук механизмдер иштебей калат”,- деп билдирди Кайрат Осмоналиев.

Ошондой эле юрист, ЕАЭБтин өкүлчүлчүлүктөрү жана Тышкы иштер министрлигинин мигранттардын маселесин чечүү жана шарттарды түзүп берүү жаатында алгылыктуу иштерди жүргүзбөй жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2014-жылы Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө болгон. Аталган биримдиктин максаты, улуттук экономиканы ар тараптуу модернизациялоо, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелип, азыркы учурда 5 мамлекет мүчө болуп кирген.

Россиянын мигранттарга болгон чектөөлөрү

Россия Федерациясынын Өкмөтү, 2020-жылдын 16-мартында «COVID-19 пандемиясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун чечүү жана өлкөгө кирүүсүн чектөө жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Аталган мыйзам добооруна ылайык, төмөнкү талаптарга жооп берген жарандар каттодон тоскоолдуксуз өтө алышат деп белгиленген.

1. Чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

2. Эл аралык келишимдин негизинде визасыз кирүү жөнүндөгү макулдашуусу жана дипломатиялык паспорту бар чет мамлекеттердин жарандары;

3. Эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын өкүлчүлүктөрү;

4. Визасы бар же Россияга келген расмий делегациялардын мүчөлөрү;

5. Россия Федерациясынын аймагында туруктуу жашаган жана расмий уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар;

6. РФнын жарандыгы бар адамдын жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрү туугандык мамилелердин деңгээлин тастыктаган документтердин көчүрмөсүнүн негизинде;

7. Жакын тууганы каза болгондугуна байланыштуу визасыз тартипте келе жаткан адамдар, өлүм фактысын жана туугандык мамилесин тастыктаган документтердин негизинде;

8. РФнын Тышкы иштер министрлигинин чечими менен берилген дипломатиялык, кызматтык же жөнөкөй жеке визалары бар адамдар;

9. Россия Федерациясына дарылануу үчүн келген учурда, дарылоо убактысы көрсөтүлгөн медициналык мекеменин документтеринин негизинде;

10. Жогорку квалификациялуу адис катары катышкан чет өлкөлүк жарандар кирүүгө болот,-деп белгиленген.

Ал эми, жогорудагы категорияга кирбеген жарандар Россияга кирүүсүнө тыюу салынган. Эксперттердин айтымында, жарандыгы жок мигранттар үчүн, эң ылайыктуу жол дарылануу үчүн справка менен кетүү болгондуктан, азыркы учурда медициналык тастыктамаларды сатып алып кеткен жарандар көбөйүүдө.

“Россияга кетүү үчүн жалгыз жол ушул болуп калды”

Ош облусунун тургуну Мырзайым, (аты өзгөртүлдү) Россияга кетүү үчүн Өзгөн районундагы авиакассалардын биринен медициналык тастыктама жасаткан. Ал бул кадамга айласыздан барганын айтат:

“Жолдошум экөөбүз Россиянын Москва шаарында иштейбиз. Сентябрь айында, жолдошум Москвада калып, мен Кыргызстанга 1 айлык мөөнөткө келгенмин. Бирок, кайра кете албай 3 ай үйдө болдум. Россияга кетүү үчүн, ал жактын жараны болушуң же тууганың ошол жакта иштеши керек экен. Менде бул шарттар болбогон үчүн, авиакассадан медициналык тастыктама жасатканга аргасыз болдум”,— деп билдирди.

Мырзайымдын айтуусу боюнча, анын жүрөгүнө байланыштуу оорусу жок. Бирок, авиакассадан Россияга кетүү үчүн ушундай тастыктама сөзсүз керектигин айтышкан.

Негизинен, азыркы учурда Россияга кетүү үчүн билеттер 32-38 миңдин тегереги болуп жатат. Ал эми медициналык тастыктамаларды 15-20 миңге жасап беришет экен. Бизге авиакассадан бир жериңер ооруп жатат ал жактан дарыланууга баратат деп документ даярдап беребиз, өзүңөр ооруканалардан жасатсаңар деле болот, бирок алар деле ушул эле акчага жасайт дешти. “Билинип калбайбы? Мен мурда ооруган эмесмин” деп сурасам, аталган тастыктамалардын Россиялык ооруканалардан жөнөтүшөт, ошондуктан эч кандай маселе чыкпайт деп айтышкан. Менин билишимче, бул документтерден ортодогу авиаккассалар жана больницалар акча жасап жатышат,”-деди.

Ошондой эле Мырзайым, медициналык тастыктамаларды Кыргызстанда гана көрсөтүүсүн талап кылганын, ал эми Россиянын чек арасынан өткөндөн кийин, мурдакыдай эле “иштөө” үчүн келдим деп өткөнүн билдирди.

“Бул справканы Россиядан сурашкан жок”

Нарын облусунун тургуну Нурбек Москвага кетүү үчүн, 20 миңге медициналык тастыктама жасатканын айтат:

“Кыргызстандан бул жакка келүү үчүн справка жасаттым. Анткени, Кыргызстандын аэропортунан ансыз өткөрүшпөйт экен. Бирок, Россиянын чек арасынан өткөндөн кийин, келүүмдүн себеби катары жумуш деп эле белгиледим. Бул жакка өткөндөн кийин бизден ал справканы талап кылышкан деле жок”,-деп билдирди.

Пандемиядан пайда көргөндөр

Авиакассалардын медициналык тастыктамаларды жасап жатканын текшерүү үчүн, өзүбүз байланышып сурап көрдүк. Кээ бир авиакассалар, медициналык тастыктамаларды жасоо мыйзамсыз экенин жана ал иш менен алектенбей тургандарын билдиришсе, ал эми кээ бирлери 10 миң сомдон 13 миң сомго чейин жасап бере ала тургандарын айтышты. Алардын бири, инстаграммда bilet.bish.kg аты менен белгиленген аккаунт.

Алгач телефон аркылуу байланышып, Россияга негизсиз учуунун шарттары тууралуу сураганыбызда офиске келүүбүз керектигин билдиришти. Аталган авиакассанын офисине барганыбызда, 10-15 ке жакын жаран билет алуу үчүн күтүп жатышты. Мындан сырткары, билет алгандан кийин медициналык тастыктамаларын алуу үчүн келгендердин катары да үзүлбөй турду.























“Сизди жүрөгүңүздү ооруйт деп жаздырып койдук…”

bilet.bish.kg авиакассасынын сатуучусу, келген кардарларга Россияга учуу учурунда медициналык тастыктамалардан эч кандай көйгөй жаралбай турганын белгилеп, билет баасынан сырткары справка үчүн 10 миң сом керектигин билдирди.

Ошондой эле, 29-декабрда Россия Федерациясына кетүү үчүн камынып жаткан айымга “эже, сиздин справкаңыз даяр, жүрөгүңүз ооруйт деп жаздырып койдук, эч кам санабай бара бериңиз”, — деди.

Россиядагы жеке ооруканалар медициналык тастыктамаларды жөнөтүшөт

Азыркы учурда, Бишкек шаарында да медициналык тастыктамаларды жасаган авиакассалардын көбөйүп жатканын байкоого болот. Өзүн Наргиза деп тааныштырган айым, Ош базарындагы “Берекет Гранд” соода түйүнүндө билет сатуу жана медициналык тастыктамаларды жасап беүү менен алектенип жатканын айтат. Анын айтымында, алар Россиядагы 3 оорукана менен иштешип, бардык керектүү документтерди Россиядан түз алып берет:

“Россияга кетүү үчүн справкаларды Москвадагы клиникалар жасашат. Азыр ал жактагы 3 клиника менен иштешебиз. Кыргызстанда да ушул справкаларды жасаган кыздар бар. Булардын баасы жалпы 13 миң болуп, 2 күндө даяр болот. Ал справкалар Россиядан келгенден кийин, бул жактан врачтарга барып, чуркап барып отурбай эле 500 сомго аны деле жасап беребиз,”-деди.

Мындан сырткары, Наргиза иштешип жаткан ооруканалардын бардыгы жеке клиникалар экенин жана эч кандай маселе чыкпай турганын билдирди. Эгерде, тактоо үчүн ал клиникаларга байланышып сураган учурда ал клиникаларда баарын тастыктап берише тургандыгын да кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги: “Биз бул маселени көзөмөлдөй албайбыз”

Бул маселе боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганыбызда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова буларга токтолду:

Кыргызстандын жарандары чет мамлекетке анын ичинде Россияга чыгуу үчүн лабороториялык анализдерди тапшыруусу керек. Ал эми, авиакасслардагы медициналык тастыктамалардын жасалып жаткандыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө ала албайт, анткени ал биздин компетенциябызга кирбейт. А бирок, оорубаган киши эле оорудум деп документ жасатып жатса бул албетте мыйзамсыз көрүнүш болуп эсептелет”,-деп билдирди.

Жарандык Авиация агенттиги: “Россиядан жооп күтүп жатабыз”

Аталган маселени көзөмөлгө алуу жана чечүү жолдорун билүү үчүн Жарандык авиация агенттигине кайрылганыбызда, Жарандык авиация агенттигинин башкы инспектору Карим Усманов бул маселе боюнча Россияга кат жолдонгонун жана жообун күтүп жатышканын билдирди:

“Авиакомпаниялар билеттерин сатууну жеке авиакомпанияларга тапшырганы үчүн, алар кардарларды тартуу максатында ар кандай жолдорго барышууда. Биз азыркы учурда бул фактыларды изилдеп Ош жана Ысык-Көлгө чейин барып келдик. Ушул фактыларга байланыштуу Россия Федерациясына бул чектөөлөрдүн бардыгын алып салуусун отүнгөн кат жолдодук. Анткени, ортодо карапайым элге эле кыйынчылык жаралууда”, -деди Карим Усманов.

Белгилей кетсек, учурда Россия Федерациясына жумасына 2 туруктуу жана 9 чартердик коммерциялык каттамдар жасалууда.

Мыйзам бузгандар 5 жылга чейин камалышы мүмкүн

Россияга кетүү үчүн медициналык тастыктамаларды жасап берип жаткан жарандар мыйзам чегинде жазаланып, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн дейт юрист Бектур Алишеров:

“Эгерде, документтерге байланыштуу мыйзам бузуу катталып жана ал дадилденсе, мыйзам бузган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 359-беренесине ылайык жазаланышы мүмкүн. Башкача айтканда, айып тагылган жаран 4- даражадагы айып пул же 2.5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, -деп билдирди.

Жыйынтык, кээ бир авиакассалар өздөрү жасалма медициналык тастыктамаларды сатып, ошолор аркылуу учуруп жатканы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты