​Чолпон Орозобекова БУУнун маараке китебине кирди

  • 3 года мурун

Женевада англис жана француз тилдеринде жарык көргөн «Эл аралык Женевадагы 126 жүрөктүн кагышы» аттуу мааракелик китепке Кыргызстандан Булан институтунун директору Чолпон Орозобекованын өмүр таржымалы камтылды.

Китеп Бириккен улуттар уюмунун 100 жылдык мааракесине арналды. Китеп дүйнөнүн ар улутунун ийгиликтүү адамдарынын таржымалын камтыйт.

«Бул китепке кирген адамдар дүйнөнү өзгөртүп, ар бири өзү билген жол менен жакшыртып атат» деп айтылат анын баш сөзүндө.

1920-жылы 15-ноябрда Женевада Улуттар лигасынын алгачкы жыйыны өткөн. Кийинчерээк ал Бириккен Улуттар уюму болуп түзүлгөн.

Чолпон Орозобекова үч жылдан бери Булан институтун жетектеп келет. Ага чейин Женевадан Эл аралык коопсуздук жана Саясат таануу боюнча магистратураларды аяктап, бир катар эл аралык уюмдарда иштеген.



Женевада Булан институтунун офиси бар, анда алты кызматкер эмгектенет. Андан сырткары ар кайсы өлкөлөрдө изилдөөчүлөр жана эксперттер түйүнү бар. Булан институту изилдөө институту катары терроризм, диний экстремизм жана адам укугу багытында изилдөөлөрүн англис тилинде жарыялап келатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты