​Регламент бузулду. Соода өнөр-жай палатасынын жетекчилигине 70 жаштагы Дүйшөн Шаршекеев кайра шайланды

18-декабрда Кыргызстандын Соода, өнөр жай палатасына жаңы жетекчини шайлоо жараяны өттү. Ага 118 делегат катышып, 7 адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Натыйжада Марат Шаршекеев кайрадан аталган тармактын жетекчиси болуп шайланды.

Кыргызстан Соода, өнөр-жай палатасы кезектеги 10-сьездине чогулушту. Палатанын президенттигине талапкерлигин койгондор:

  • Итибаев Кайрат Жаныбекович;
  • Дегенбаев Бакыт Кудусович;
  • Рахимов Кубатбек Калиевич;
  • Шаршекеев Марат Дүйшебаевич;
  • Ниязалиев Уран Сүйөркулович;
  • Мухамедзиев Бахтияр Мурзахматович;
  • Касымов Роман Пазылович.

Кыргыз Республикасынын Соода, өнөр-жай палатасынын сьездин өткөрүү боюнча тиешелүү регламети бар. Ал регламентте палатанын президентин шайлоо эрежелери көрсөтүлгөн. Эрежеге ылайык президенттикке көрсөтүлгөн талапкер экономика жаатында билими болушу керек; мамлекеттик кызматта тажрыйбасы болушу керек; жашы 35-65 жаш аралыгында болушу керек.

Марат Шаршекеев 10жылдык башкаруусунан кийин, кайрадан Соода палатасынын президенти болуп шайланды.

Марат Шаршекеев 1950-жылы туулган. Демек, быйыл 70 жашка толду. Бул жерде регламент бузулуп жатат.

Марат Шаршекеевдин шайлануусу коомчулуктун нааразычылыгын туудурду

Нааразычылыктардын көпчүлүгүндө мыйзамдын одоно бузулгандыгы, жаңы адам келгенин каалашканы жөнүндө айтылат.

Кыргызстандын Соода, өнөр жай палатасына жаңы жетекчини шайлоо жараяны ишкерлердин нааразылыгын пайда кылды. Айрым ишкерлер палатага жетекчи шайлоого чейин өтө турган башка жыйындар жаап-жашырылып келгенин айтышты. Жаңы шайланган башчы жөнүндө Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу:

Палатанын расмий сайты бар. Ал жакта өткөн жыйындар тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Электрондук даректерге да атайын каттар жөнөтүлгөн эмес. Боло турган жыйын, чогулуштар тууралуу ачык-айкын, күн мурун кабар бере турган жарыя же билдирүүлөр жокко эсе. Мисалы, кайсы бир жыйындыкын “Кыргыз Туусу” гезитине жарыялаганбыз деп жатат. Бирок ишкерлердин канчасы аталган гезит аркылуу маалымат алышканы белгисизда. Бул азыркы жетекчинин ордунда калайын же өзүбүз каалаган адамды калтырып кетели деген аракетиндей эле туюлуп жатат”, — деди.

Ишкерлердин айрымдары Марат Шаршекеев 2010-жылдан бери аталган кызматты ээлеп турганын айтып, бул тармакка реформа жүргүзүп, жаштарга орун берүү керек экендигин айтышты. Талапкерлердин бири Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев: “Кыргыз экономикасынын азыркы ал-абалы эч кимге жашыруун эмес, ушундай шартта ишкерлердин кызыкчылыгын талашып, ишин илгерилетип, эл аралык алакалардытүзүүдө палата жоопкерчиликти алышы керек. Шаршекеев Марат 2010-жылдан бери бул тармакты жетектеп, жашы жетимишке таяп калды. Жаштарга мүмкүнчүлүк берүү керек”, — деди.

Соода-өнөр жай палатасы — бул ишкерлердин ортосундагы өнөктөштүктү орнотуп, Кыргызстандын экономикасын, өндүрүшүн, илимий-техникалык жана башка мамлекеттер менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшкөн өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюм.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты