​Референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна каршы акция өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 9-декабрда, Жогорку Кеңештин алдында референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна каршы акция уюштурулду.

Акцияга жарандык активисттер, коомчулук өкүлдөрү катышты.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова референдумду өткөрүүнү, Конституцияны өзгөртүүнү кое туруп, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү керектигин белгиледи.

— Биринчи президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрөлү. Референдум менен Конституцияны өзгөртүүнү кое туралы.

Дүйнөдө кризис келатат, башкалар бизге жардам бере албайт, — деди Динара Ошурахунова.

Чогулгандар “Парламент тарасын!” деп кыйкырып турушту.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника/ Чолпонбек Сабырбеков

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты