568 киши COVID-19га чалдыкты
- 3 года мурун
27-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын 568 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 159;
Ош — 29;
Чүй облусу – 56;
Ош облусу — 17;
Талас облусу — 16;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 120;
Баткен облусу — 129.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 56 738 кишиге жетти.
Өткөн суткада коронавирустан 380 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 48 223 кишиге жетти.
2 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1136га жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү