Академик Дүйшөн Маматканов 86 жашында дүйнө салды
- 4 года мурун
Улуттук илимдер академиясынын суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун илимий жетекчиси, техника илимдеринин доктору, академик Дүйшөн Маматканов 26-октябрда 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Дүйшөн Маматканов 1934-жылы 7-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган.
Дүйшөн Маматканов инженердик гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын ырааттуу пайдалануу, ошондой эле суу ресурстарын жɵнгɵ салуу жана башкаруу боюнча залкар окумуштуу болгон.
Ал 1992-жылдан тартып 2018-жылга чейин Улуттук илимдер академиясынын Суу кɵйгɵйлɵрү жана гидроэнергетика институтунун директору кызматын аркалаган. 2018-жылдын июнь айынан тартып ушул институттун илимий жетекчиси болуп иштеген.
Академик Маматкановдун эмгеги жогору бааланган. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер каамы ыйгарылган. 2004- жылы үчүнчү даражадагы «Манас» ордени жана 2010-жылы экинчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.