УИА академиктерине жана мүчө-корреспонденттерге стипендиялары калыбына келтирилди
- 9 ай мурун
Улуттук Илимдер Академиясынын (УИА) анык мүчөлөрүнө (академиктерине) жана мүчө-корреспонденттерге айлык стипендиялары калыбына келтирилди.
Академиялык даражасы үчүн академиктерге айлык стипендия 15 миң сом, ал эми мүчө-корреспонденденттерге -7500 сом өлчөмүндө берилет.
Аталган стипендия ушул жылдын 1-январынан тартып белгиленди.
Бул тууралуу чечимге төрага Акылбек Жапаров кол койгонун Министрелр кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү