Академик Ашыралы Зурдинов дүйнөдөн кайтты

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстандын медицина тармагы оор жоготууга учурады. 19-сентябрда 78 жаш курагында академик,  Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Ашыралы Зурдинов дүйнөдөн өттү.  

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ашыралы Зурдинов 1946-жылы 28-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун артыкчылык диплому менен аяктаган.  

1071-жылы кандидаттык диссертациясын, 1987-жылы докторлук диссертациясын жактаган. 1990-жылы ага профессор наамы ыйгарылган. 2021-жылы Кыргыз Илимдер академиясынын академиги наамы берилген.

Ашыралы Зурдинов өз өмүрүн  билим берүү жана илимий-изилдөө иштерине арнаган. Ал 290дон ашык илммий иштердин автору, ондогон илимий ачылыштардын ээси.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты