​Парламентте шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүнү күн тартибине киргизүү боюнча талаш жаралды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин күн тартибине киргизүү боюнча. маселени кароо талашка түштү. БШК кайра шайлоо өткөрүүнүн алдында сунушталып жаткан айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин чукул карап беришин суранган.

Алар:

  • шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу;
  • №2 форма менен добуш берүүнүн жол-жобосун татаалдаштыруу. Тагыраак айтканда, шайлоо участкасын бир жолу гана алмаштыруу, бир облустун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салуу,
  • шайлоого 30 күн калганга чейин даректи өзгөртүү;
  • жасаган иштери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болгон саясий партияларды кайра шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселесин жөнгө салуу.

Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү парламент жыйынынын күн тартибине киргизүү сунуш кылды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибиндеги президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо да талашка түштү.

Төрага Канат Исаев президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындоо бүгүн бүтүп калаарын белгиледи. БШК парламенттик шайлоону 20-декабрга белгиледи.

Депутат Алтынбек Сулайманов шайлоодо кетирген кемчиликтерди оңдоп, жаш саясатчылардын парламентке келүүсүнө шарт түзүп берүүнү депутаттарга сунуштады.

Анда, шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана Форма-2ни жокко чыгарууну сунуш кылган өзгөртүүлөрдү мыйзам долбооруна сунушталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты