​Сейтек Байгуттиев: “Парламенттик шайлоодогу күрөөнү 1 миллион сомго түшүрүү керек” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө мейманда болгон финансист, коомдук ишмер Сейтек Байгуттиев алдыдагы кайра шайлоолор жана каражат көйгөйү тууралуу сөз козгойт.


— Сейтек мырза, сиздер 2019-жылы парламенттик шайлоодо партиялардын күрөө акчасын төмөндөтүү демилгеси менен чыккан элеңиздер. Эмне себептен ошондо бул маселе эске алынган эмес? Эми партиялардын күрөө каражатынын өлчөмү кандай болушу керек?

— Шайлоо босогосун 5 пайыз деп түшүрүүнү сунуштап жатышат. Мурда 7 пайыз, ага чейин 9 пайыз болчу. Грузияда- 0 пайыз. Негизи бул пайызды таптакыр эле алып койсо деле жакшы болот эле. Башка партиялар да катышканга мүмкүнчүлүк болот.

Ал күрөө акчаны 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин түшүрүү аракети болчу. Көп эле аракет жасадык, биздин мүмкүнчүлүктөр ишке ашпай калып жатат. 1 миллион сомго түшүрсө, анда жаш, майда партиялар да катышып, өздөрүн көрсөтүп,к алган акчаны шайлоо процессине жумшайт эле.

— Шайлоо босогосун Алтынбек Сулайманов 3 пайызга түшүрүлсүн деп айтса, Садыр Жапаров 5 % болсун деп сунуштады. Ушулардын кайсынысы алгылыктуу?

— 3 пайыз жакшыраак. 7% менен 5 %дын анчалык айырмасы деле жок. 3 пайыз элге, жалпы партияларга, жарандарга да жакшы болот эле.

-Шайлоо күрөөсүн, босогосун түшүргөндө эле татыктуу партиялар, талапкерлер келе алышабы?

— Келет, сөзсүз келет. Буга чейин 7 % болгону үчүн көбү катыша албай калды да. Эми 3 % болсо, баары тең катышууга аракет кылат.

— Парламенттик шайлоолор менен катар президенттик шайлоо да болгону турат. Шайлоолорго чоң каражат кетет деп парламенттик жана президенттик шайлоону чогуу өткөрүү боюнча сунуш киргизген Өмүрбек Текебаевдин пикирине кандай карайсыз?

— Мен буга каршымын. Себеп дегенде бириктирүүнүн кажети жок. Адегенде парламенттик шайлоо болушу керек, аны өткөргөндөн кийин процедура менен президенттик шайлоого өтүү зарыл. Себеп дегенде элдин башы айланып калат бир чети, анан процедуралар нормативдик жагынан да туура эмес болуп калышы мүмкүн. .

“Кадр тандоо начар болуп жатат”

— Шайлоолорго чейин убактылуу өкмөт башчы, анын курамы келди. Бирок көйгөйлөр мурунку эле, 9 айдын экономикалык көрсөткүчтөрү да төмөн экен. Ушул өкмөт биринчи кезекте кандай маселелерге көңүл бурушу керек?

— Өкмөттүн негизги иши -элге, жарандарга жумуш берүү. Аны аткарууга такыр көңүлү жок. Экономика илиминде негизи эмнени айтса болот? Эң биринчиден, өндүрүштү натыйжалуу уюштуруу, ошону өнүктүрүш керек.

— Өкмөт экономиканы көтөрө алабы?

— Үмүт бар, бирок кадр маселеси абдан начар. Кечээ эле угуп жатабыз, Камчыбек Ташиев кызматка туугандарын алып жатыптыр деп. Ошол туура эмес, конкурс жарыялап, жөндөмдүүлүгүн карап туруп, жакшы адистерди жумушка коюш керек. Орустар “Кадры решают все” (“Кадрлар баарын чечет”) деп айтат. Кадрлар маселесин жакшылап караса, көп эле нерселерди оңдосо болот.

Биз деле 20-30 жылдан бери өкмөткө иштегенге аракет кылабыз, бирок эмнегедир бизди жумушка тартпайт. Өкмөт өзүнүн кишилерин гана алат, тааныштарын же болбосо бийликке жакын кишилерди, туугандарын. А мына бизде эң тажрыйбалуу, банк системасында иштегендер бар. Банк системасында иштеген кишилер эң тартиптүү болот, Баары тунук көрсөтүлүп, ууру же жемей деген жок. Ошондой адистерди өндүрүшкө, башка мекемелерге койсо болот, финансисттерди, көп эле тажрыйбалуу финансисттерди жумушка тартса болот.

— Сиздер тажрыйбалуу финансисттерди, кыйын адистерди өкмөткө же башка структураларга сунуштап көрдүңүздөр беле?

— Сунуштап көргөнбүз, резюмелерди бергенбиз, мен деле 90-жылдары министрликте иштегем, 27 жашымда базанын директору болдум, министрликте да иштедим, андан кийин 25 жыл банк тармагында иштедим. 2007-жылдан бери мугалимдик кесипти да аркалап жүрөм. Атам айтты эле, билгениңерди жаш муундарга үйрөтүп, тажрыйбаңарды балдарга, окуучуларга, студенттерге көрсөтүп, билимин жогорулаткыла деп. Мен да кандидаттык диссертациямды жактап, ошонун аракетиндемин, бир айдан бери кафедра башчысы болуп жүрөм.

Сиз өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп катыштыңыз эле, анда кандай сабак алдыңыз?

— Ооба, 2011-жылы катышкам, анда кыргыз тилинен өткөрбөй коюшкан, кыргыз тилин билип турсам деле. Кыргыз мектепти бүткөм, кыргызча ыр, макала, китеп жазам, керек болсо түш жоруйм.

Программамды ыр менен жазгам жети куплет кылып. Атамбаевге оппонент болгондо, буйрутма менен бизди өткөрбөй коюшкан. Сайрап турсак деле, кыргызчаны Атамбаевден кем эмес билип турсак деле. Ал убакта кичине сүрдөдүк, азыр мүмкүнчүлүк болсо, андай болбойт. Андан бери жылдар өттү, аракет, ой-санаалардын баары баштан ашты. Эми ошону тилек кылып өзүбүздө алып жүрөбүз. Эгерде мүмкүнчлүк болсо, элге, мамлекетке ак эмгегибизди сунуштайбыз.

— Талапкерлигиңизди коет белеңиз президенттик шайлоодо?

-Коет болчумун, бирок азыр күрөө акча көбөйгөн сайын мүмкүнчүлүктөр азыраак болуп жатат. Эгер күрөө акчасы азайса, мүмкүн коермун.

— Президенттик шайлоонун күрөө акчасын да азайтыш керекпи?

— Сөзсүз, аны азайтуунун бирден-бир максаты- көп эле партияларды же жарандарды катыштыруу аракети.

“Мыйзамды бузбаса, коррупцияны жеңүүгө мүмкүн”

— Азыркы бийлик коррупция менен күрөшөбүз деп максат коюп жатат. Алардын күрөшүнөн кандай натыйжа күтүүгө болот?

— Мыйзамды эле бузбаса, коррупцияны жеңүүгө мүмкүн. Башка өлкөлөрдө практика бар эмеспи. Биз айта жүргөн Сингапур же Грузия, Скандинавия өлкөлөрү өнүгүүнүн аракетинде, көп жетишкендиктерге жетишти. Кыргызстан деле көп кыйынчылыктардан өтүп жатат, эми элдин аң-сезими, түшүнүгү жогорулаган сайын аракетибиз көбүрөөк болуп жатат. Эл түшүнүп, люстрация болсун деп умтулушу… чыныгы иштейм деген кишилер келет эле.

“Тышкы карызды элден чогултабыз деп Айнуру Алтыбаева айым өзүнө пиар-кампания өткөрүп жатат”

Жакында депутат Айнуру Алтыбаева жана демилгелүү топ, тышкы карызды төлөө боюнча элден каражат чогултуу демилгесин көтөрүп жатат. Буга кандай дейсиз?

— Каршымын, Айнуру Алтыбаева айым, жөн эле пиар-кампания өткөрүп жатат өзүнө, буга чейин ал эмне кылып жүрдү эле дегендей. Элдин көңүлүн өзүнө буруп жатат, “Жаман пиар бул да пиар”. Менин оюмча, бул ишке ашпайт, элдин акча чогултууга мүмкүнчүлүгү да жок. 120 депутат элдин эсебинен байып жатат, адегенде ошолор деле чогултса ашар кылып. Андан кийин эл деле аракет кылат, алар карап турбайт.

Өздөрүнөн башташ керек. Бирок мен Айнуру Алтыбаева айымдын демилгесин колдобойт элем. Эл да азыр интернетте, өзгөчө фейсбукта, талкуу жүрүүдө, абдан элдин кыжырына тийип жатат.

-Мамлекет тышкы карызды төлөй баштоо үчүн кандай булактардан каражат тартышы керек?

— Мамлекет тышкы карызды төлөө үчүн Кыргызстанды тоногон Акаев, Бакиев, мурунку президенттер, мурунку депутаттар, премьер-министрлер, карыздын өсүшүнө негиз берген инсандардын баары жоопко тартылыш керек. Биздин өкмөттөн, бюджеттен жегендерди ачыкка чыгарып. Сыймык Жапыкеев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына директор болду, “Райым миллионду” камакка алышты деген кабар келди, ошондой кишилердин баарын жоопко тартыш керек, Алмазбек Атамбаевди баш кылып. Анткени ал эки жолу премьер-министр, президент болду, кадр маселесинде көп туура эмес иштерди жасап кетти, ошол эле Сооронбай Жээнбековду ажолукка алып келди, эми ошолордун баарын оңдош керек.


“Туура эмес жерде эл дамбаны бузгандай эле агылып чыгат”

Шайлоолордон кийин бизди кандай турмуш күтөт?

-Оңолуу жолуна бара жатабыз деп ойлойм. Бара-бара оңолобуз. Эл деген океан, бир жерден туура эмес болсо, мыйзам бузулса, дамбаны бузгандай эле агып чыгат. Көрүп жатабыз, үчүнчү төңкөрүш болду, эл чыдаган жок. Бирок элдин аң-сезими, билими, маданияты, мына отуз жылдан бери кыйла төмөндөп кетти. Билим аркылуу жогорулатыш керек.

“Банктын аракети менен өндүрүштү өнүктүрүү керек”

— Шайлоолордон кийин жаш адистерди жумушка тартыш керекпи?

-Жалаң эле жаштарды эмес, буга чейин саясатта болбогон, кесипкөй адис катары пайдасы, тийгизе турган, аракети, жөндөмү болсо, анда жумушка чакырыш керек. Бизде инженерлер аз болуп калды, жакшы экономисттер жүрөт, анын арасында илимдин кандидаттары, докторлору. Өздөрүнүн иштеп чыккан эмгектери бар, аны ишке киргизүү жолдору менен. Ошолордун илимий изилдөөлөрүн иш жүзүнө ашырыш керек. Өзүмдүн диссертациямдын темасы- “Роль банков в интеграции банковского и промышленного капитала” (“Банк жана өнөр жай капиталынын интеграциясындагы банктардын ролу”) деген темада.

Бул банктын аракети менен биздин өндүрүштү, өнөр жайды өнүктүрүү. Биздейлер ишке кирсе, көп эле жарандар жумуш менен камсыз болот эле. 2007-жылдардан бери ушул темада иштеп жүрөм. Келечекте бизди чоң ийгиликтер күтүп жатат.

— Доллардын курсу өсүп, кымбаттоо болуп жатат. Бул өсүп жүрүп отурабы же төмөндөйбү?

— Бүгүнтөн (20-октябрь-ред.) баштап доллар түштү, кечээ эле 81. 40 болуп жаткан, эми сатылып жатканы 80 сом 80 тыйын болду. Улуттук банк интервенция жасап, сомдун накталай баасын кармап калганга аракет кылып жатат. Доллар түшөт, бул өзгөрүүлөр жылда эле болуп турат. Акыркы жылдары доллар өсүүдө, бирок улуттук банк аракет кылып жатат.

Башка өлкөлөрдүн экономисттери деле таң калып жатат, силердин сомуңар бекемирээк деп. Ошол эле казак теңгесине, өзбек сумуна караганда бекемирээк болууда. Анткени биздин улуттук банк алтын-валюта запасын туура колдонуп, бизге инвестициялар келип жатат, резерв бар, убагы келгенде долларды сатып алып, кайра сатып, жөнгө салууда. Улуттук банк өзү регулятор болуп саналат. Алар калган 25 банкка нормативдик “установка” (тапшырма) берет, алар андан ары алмаштыруучу жайларга узатышат. Ошол аракет менен биздин кыргыз сому дагы эле башкалардын валюталарына караганда бекемирээк болуп турат.

Айгүл Бакеева/ “ПолитКлиника”

Сүрөттөрү: “ПолитКлиника” медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты