​COVID-19: 388 учуру катталды. 5 киши каза тапты

  • 4 года мурун

15-октябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада COVID-19 инфекциясынын учуру катталды. 5 бейтап каза тапты.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 59;
Ош — 55;
Чүй облусу – 19;
Ош облусу — 50;
Талас облусу — 16;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 19;
Жалал-Абад облусу – 86;
Баткен облусу — 83.

Бир сутка ичинде 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. 4 кызматкер ооруканадан айыгып чыкты, үй карантининен 4 кызматкер чыгарылды.

Коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3488ге кишиге жетти. Алардын арасынан 3113 кызматкер сакайып чыкты.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 50 589га жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 196 киши сакайды. Сакайып чыккандардын жалпы саны 45 080ге жетти.

5 киши каза тапты. Каза болгондордун жалпы саны 1099га жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты