​Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин президенттик кызматтан кетүүгө даяр. Мамлекет башчынын мындай кайрылуусу 9-октябрга караган түнү президенттин сайтына жарыяланды.

«Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти. Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы. Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем», деп жазылган билдирүүдө.

Ал ошондой эле кризиске чейин иштеген «премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип», жаңы дайындоолор үчүн мыйзамдуу жол ачуу зарылдыгын кошумчалады.

«Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм» деди президент.

Ошол эле маалда Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керектигин белгиледи.

«Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес. Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын. Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам» деди ал.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты