​Өмүрбек Суваналиев өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди

  • 4 года мурун

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын билдирди.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин, учурда коопсуздук, коомдук тартип тармагына көзөмөлгө алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын айтты.

“Учурда президенттин кайда экени боюнча маалыматым жок. Бирок Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары катары легитимдүү түрдө учурда аталган органды тейлеп жатам. Өлкөнүн коопсуздугу, коргоо тармагын координация кылып жатам. Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатат. Ал эми Бишкек шаарынын коменданты милдетин Курсан Асановго жүктөп жатабыз”деди Суваналиев.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты