​Экс-саламаттык сактоо министри Чолпонбаев сурактан кийин реанимацияга түштү

  • 4 года мурун

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын сурагынан кийин, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Бул тууралуу анын уулу Эркин Чолпонбаев билдирди.

-Менин атам Космосбек Чолпонбаев ооруп уй шартында дарыланып жатканына карабай финполициянын суроолоруна жооп бериш үчүн барган, ГСБЭПтен чыккандан кийин шейшемби күнү түнкү саат 12. 00де чыдабай калганынан тез жардам чакырып, ооруканага жеткирдик. Республикалык кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер 2 тараптуу пневмония, 2-типтеги кант диабети, жүрүктүн коронардык оорусу деген диагноз коюп дарылап жатышат. Улуу баласы катары айтаарым: менин атам коркуп жашынып жатып алчу киши эмес. Кудай буюруп сакайып чыкса, бардык суроолорго жооп берет,-деди ал.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) суракка чакырылган.

Сурак коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдоо фактылары боюнча саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата башталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты