​Үсөнбаев: Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек

  • 4 года мурун

Дүйнө жүзүндө пандемия дагы эле жүрүп жатат жана айрым мамлекеттерде мектеп окуучуларынын арасында дарт жугуп жатканы белгилүү.

Мындан улам, саламаттык сактоо министрлиги билим берүү жана илим министрлиги менен бирге жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө. Айрыкча, 1-класска бара турган балдардын окуусуна шарттар түзүлүп жатат. Ошондой эле, ар бир ата-эне бул маселеге жакшы көңүл буруп, ар бир санитардык талаптарды аткаруусу зарыл» деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтымында, шарттуу түрдө окула турган фортепиано, балет жана башка окууларга атайын талаптар иштелип чыгат жана алар толук сакталышы кажет.

Ооруп, айыгып чыккандар вирусту кайра жуктуруп албаш үчүн реабилитациянын шарттарын толук аткаруусу зарыл. Эгерде дарттын кандайдыр бир белгиси пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан түздөн-түз медициналык кызматкерлерге кайрылуу кажет, -деди ал.

26-августтагы маалыматта өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 113 учуру катталганы белгилүү .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты