Дагы бир нече партия шайлоого катышуудан баш тартты
- 4 года мурун
Бир катар саясий партиялар шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу билдиргенин БШКнын басма сөз кызматы маалымдады.
“Ар-Намыс”, “Улуу Журт”, “Ак калпак”, «КУТ» саясий партиялары шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу билдирди.
Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүү боюнча жарлык чыккан.
Парламенттик шайлоого 44 партия катыша турган болгон.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катышуу үчүн тизме тапшырган партиялар 20дан ашты.
Муну бөлүшүү