​БШК: Партиялардын Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлер тизмесин көрсөтүүсү аяктап жатат

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы саясый партиялардын КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүүлөрү аяктап жаткандыгын билдирди.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышууну каалаган 44 саясый партиялардын билдирүүлөрү келип түшкөн.

19-августка карата Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышпай тургандыгын жана өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыктары боюнча БШКга 10 саясый партия билдиришти:

1. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы”,

2. «Демократ»,

3. «Кыргызстан коммунисттер партиясы”,

4. “Эмгек”

5. “Бирик” (“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

6. “Таза коом” (“Кыргызстан” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу),

7. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”,

8. “Ар-Намыс”,

9. “Бийлик элге” ,

10. Кыргызстан элинин биримдиги (“Ыйман нуру” саясый партиясы менен бириккендигине байланыштуу).

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, “Жаратман эл” саясый партиясынын көрсөтүлгөн убакытта шайлоо фондунун эсеби ачылган эмес. (бул жагдай саясый партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз берет).

11-августтан 18-августка чейин КР Жогорку Кенешине депутаттарды шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча “Мекенчил”, “Ата Мекен”, Кыргызстандын Жашылдар партиясы, “Бир бол” мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин партиясы, “Чоң Казат”, “Адам-Демократ”, “Актив”, “Ордо” саясый партияларынын сьезддери болуп өттү.

19-августта (партиялардын билдирүүлөрүнө караганда) 11 партиянын сьезддери өттү:

1.Мекеним Кыргызстан

2.Республика

3.«Биримдик» демократиялык партиясы («Единство»)

4. «Ыйман нуру»

5.«Нур» либералдык-демократиялык партиясы

6.Мекен ынтымагы

7. «Кыргызстан»

8.«Социал- демократтар»

9.«Бүтүн Кыргызстан»

10.«Замандаш»

11.«Реформа»

БШК саясый партиялардын талапкерлердин тизмесин көрсөтүү үчүн сьезддерди өткөрүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоосу үчүн сунуштарды иштеп чыккан. Жарандардын ден соолугун коргоо максатында саясый партиялар сьезддерди оффлайн өткөргөн учурда саясый партиялардын биринчи/аймактык делегаттарынын санын азайтуу мүмкүндүгүн карап көрүү (эгер ушундай мүмкүндүк партиянын уставында каралган болсо), сьезддерди имараттан (ачык асман алдында) тышкары өткөрүүнү, ошондой эле республикалык штабдын беткап тагынуу, имараттарды дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо жана колдорду санитайзер менен тазалоо сунуштарын кармануусунушталган.

24-августта саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү БШКга талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн алып келүүлөрү зарыл.

1) саясый партиянын жетекчисинин колтамгасы, мөөрү коюлуп, талапкерлердин тизмесин көрсөткөндүгү боюнча саясый партиянын чечими;

2) тизмеге кирген талапкердин биографиялык жана башка маалыматын көрсөтүп өз колу менен толтурулган атайын формасы, паспортунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалымдама, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эместиги боюнча маалымат, персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугу;

Талапкерлердин тизмеси жана талапкер жөнүндөгү маалыматтар БШК бекиткен форма боюнча кагаз түрүндө да, электрондук вариантта да берилиши керек

3) шайлоо күрөөсүн кошкондугун күбөлөгөн документ.

Он күндүн аралыгында берилген маалыматтарды текшерүү жүргүзүлүп, 4-сентябрга чейин ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо өткөрүлөт, -деп билдирди БШК.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Парламенттик шайлоого 44 партия катыша турган болгон. .Эми 34 партия ат салышмай болду

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты