​«Ата Мекен» партиясынын съезди өттү. Шайлоого жаштарды Жанарбек Акаев баштап барат

  • 4 года мурун

17-августта “Ата Мекен” саясий партиясынын XXIII съезди мамлекетти негиздөөчүлөрдүн аллеясында. өттү.

Партиянын съездинде анын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди:

“Ата Мекен” партиясын түптɵгɵн лидерлери, мен – Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов ж.б. Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз.

Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени, алардын заманы келди, -деди Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” -«Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева, ишкер Тилек Токтогазиев баштаган саясатчыларды шайлоого Жанарбек Акаев жетектеп барары белгилүү болду.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бул альянска кирип, кийин чыгып кеткен.

Сүрөт: «Ата Мекен» партиясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты