​37 медициналык кызматкерге коронавирус жукту

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинде:

  • Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда– 13төн;

• Ош жана Ысык-Көл облустарында – 2ден;

Баткен облусунда – 6;

Нарын облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 34 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2911 учур катталды, алардын ичинен 1973 медкызматкер айыкты.

6-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 549 учуру катталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты