​Курман айтыңыздар менен!

  • 4 года мурун

Бүгүн- 31-июлда Кыргызстанда Курман айт күнү.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө Курман айт намазы аянтта жана мечитте окулбайт деген чечим муфтият тарабынан кабыл алынган.

Курман айт мусулмандардын негизги майламдарынын бири болуп, ал тирүүлүктөн, жашоонун жаркын күнүнүн майрамы катары эсептелет.

Курман айттын дагы бир өзгөчөлүгү-колунда бар адамдар үчүн жаныбарды курмандыкка чалуу шарты, аны кедей-кембагалдар менен бөлүшүү.

29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ажылыкка катышууга уруксат берилген жок.

Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.

Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.

Быйыл Сауд Арабиясында он миң киши гана зыярат кыла алат, алардын үч миңи – падышалыктын жарандары, калган жети миңи – өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт! Айрыкча азыркы пандемия шартында бекем ден соолук, аманчылык каалайбыз!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты