Мусулмандар клексан дарысын колдонушу керекпи: Теологдун жана фармакологдун жообу

COVID-19га каршы пайдаланылып жаткан клексан дарысын мусулмандар колдонушу керекпи деген суроого айтылуу теолог, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уламалар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов «Фейсбук» баракчасында жооп берди.

— Эгер коронавирус инфекциясын дарылап жатканда башка альтернатива болбосо, мусулман бейтап өмүр менен өлүмдүн ортосундагы абалда болсо, анда өмүрдү сактап калуу үчүн курамында чочко жаныбарынын заты болгон клексан дарысын колдонууга шариат уруксат берет, — деп билдирди Кадыр Маликов.

Маликовдун айтуусунда, клександын ордуна бодо малдын ичегисинен алына турган гепаринди сунуштоого болот. Эгер гепарин жок болсо же адам кыйын абалда калса, анда клександы колдоно берүүгө болот, -деди Маликов.

Аида Зурдинова, медицина илимдеринин доктору, клиникалык фармакология адиси:

«Клексан — синтетикалык жол менен алынат»

Клексан жана гепарин дарыларынын курамы тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы клиникалык фармакологу, медицина илимдеринин доктору Аида Зурдиновадан сураганыбызда, ал мындайча комментарийледи:

-Клексан дарысы — синтетикалык жол менен иштетилип алынат. Ошондуктан анын мусулман бейтаптар үчүн да эч кандай чектөөсү жок, кеңири колдонууга сунушталат. Ошондой эле гепарин дарысы да синтетикалык жол менен алынат, бул жагынан кабатыр болууга эч бир негиз жок.

Аталган дарыларды, клексан жана гепаринди, врачтын сунушу менен гана пайдалануу керек, себеби анын терс таасири да болушу ыктымал, — деп билдирди Аида Зурдинова.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты