COVID-19: Кыргызстанда бир жумада 12 учур аныкталды
- 4 months мурун
Өлкөдө 6-февралдан 12-февралга чейинки бир жумада COVID-19дун 12 учуру аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаменти билдирди.
Аталган бейтаптарлын арасынан жетөө ооруканага жаткарылган. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.
2022-жылы жана 2023-жылдын 43 күнүндө COVID-19 инфекциясынын 21 863 учуру катталды, анын ичинен 19 852 (90,8%) учур лабораториялык жактан тастыкталган, 201и (9,2%) клиникалык жана эпимдемиологиялык жактан тастыкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү