​Бир суткада 73 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул — ушул күнгө чейинкилердин арасындагы өтө чоң көрсөткүч.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 32, Чүй облусунда – 20, Ош шаарында жана Ош облусунда – 7 ден, Жалал-Абад жана Баткен облусунда – 3төн, Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

3-июлга карата республикада бир суткада коронавирустун 506 учуру катталды. 10 бейтап каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты