Шайлоо босогосун 7%га түшүрүү мыйзамына кол коюлду

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 18-июнда саясий партиялардын Жогорку Кеӊешке өтүүсү үчүн 9% шайлоо тосмосун 7%га түшүрүү максатында кабыл алынган.

Мунун менен аталган мыйзамдын 64-беренесинин 2- жана 3-бѳлүктѳрүнѳ тиешелүү ѳзгѳртүү киргизилген.

Жаңылыктаршайлообосогомыйзамкол коюлду