Коронавирус дагы бир кишинин өмүрүн алды

  • 4 года мурун

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Кыргыз-түрк достук ооруканасында 1965 –жылы туулган бейтаптын башка да оор дарттары болгондугу айтылды.

Жалпы каза болгондордун саны 32 кишини түздү.

19-июнга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 132 учуру аныкталды.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2789 га жетти.

Айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 28 болуп, айыгып чыккандар 1961ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты