Кыргызстанда жалпысынан 400 медкызматкер коронавируска чалдыкты
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен Бишкек шаарында – төртөө, Чүй облусунда – бирөө.
Ал эми стационардан бир суткада 7 медицина кызматкери айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына кабылган медициналык кызматкерлердин саны – 400кө жетти. Алардын ичинен 282и стационардан айыгып чыкты.
8-июнга карата өлкөдө бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталып, жалпы саны 2032ге жетти.
Республикада өткөн суткада коронавирус инфекциясынан 1 бейтап көз жумду.
Жалпысынан коронавирустан каза тапкандардын 23кө жетти.
Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Муну бөлүшүү