Россияда бир суткада коронавирустун 8855 учуру аныкталды
Жаңылыктар

6-июндагы маалымат боюнча, Россияда бир суткада коронавирустун 8855 учуру аныкталды. 197 киши каза тапты.
Бул тууралуу инфекция менен күрөшүү ыкчам штабынын билдирүүсүнө таянып, РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Бейтаптардын 35,9 % нын дарты симптомсуз өтүп жаткандыгы белгиленди.
Вирус Росиянын 84 аймагынан чыкты, анын ичинен баарынан Москвада көп – 199 учур.
Окумуштуулардын онлайн-картасында 6-июнга карата дүйнөдө 6 752 049 киши коронавbруска чалдыкты. 395 328 киши каза тапты.
Дартка чалдыккандар АКШда -1 897 839, Бразилияда - 514 941, Россияда - 458 102 киши катталды.
Жаңылыктар
Жаңылыктар