​Чолпон –Атада коронавирусту аныктаган лаборатория ачылат

  • 4 года мурун

Корея Кыргызстанга 2 ПЧР – аппаратын керектүү медициналык каражаттары менен кошо берди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

-Анын бирөө — Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотулат. Жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурууну пландап жатабыз. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын дараметин күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат, — деди ал.

Бүгүн, 4-июнга карата, республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталып, жалпы саны 1899га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты