Равшан Жээнбеков абактан кат жазды

Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков абактан кат жазды.

-2020-жылдагы шайлоо Президент жана жалпы эле бийлик үчүн маанилүү. Ушул күздө Сооронбай Жээнбековдун Президент болуп шайланганына үч жыл толот. Ал шайлоо алдындагы эч кандай убадасын аткарган жок жана аткарууга да үлгүрбөйт. Жакырчылык, жумушсуздук, бизнес үчүн, ооруканалар менен мектептердеги шарттын жоктугу, соттордогу мыйзамсыздык – ушунун баары Кыргызстанды анын президенттик мөөнөтү аяктагыча коштоп жүрөт.

VII чакырылыштагы 2020-2025-жылдарда иштөөчү Жогорку Кеңешке эки процессти иштеп чыгуу зарыл. Биринчиси — Кыргызстандын кризиске каршы программасын иштеп чыгуу, аны аткаруу жана 2023-жылдагы шайлоо.

Ошондуктан бийлик үчүн дежур оппозициясы бар алсыз парламентти чогултуу керек болуп турат. Алар убакытты созуп, пайдасы жок демилге менен алек болуп, чыныгы көйгөйдөн алаксытып, коомдун көңүлүн башка нерсеге буруп турмакчы.

Оор, кризистик учурда коомчулук менен бирдикте жалпы улуттук көйгөйдү чечүүнүн жолун издөөнүн ордуна, бийлик укук менен эркиндикке чабуул коюп, пикир келишпегендерин куугунтукка ала баштады. Репрессияга кесипкөй саясатчылар гана эмес, көз карандысыз медиа, жарандык активисттер, укук коргоочулар кабылып жатат. УКМК коомго ачык кишилерди куугунтуктай баштады. Бул Камил Рузиевди, Калича Умуралиеваны, “Азаттык” жана КЛООП басылмаларын куугунтуктоодон байкалат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чалгын жана контр чалгынга жооптуу орган, колунда эч кандай рычаг жана ресурстары жок укук коргоочулардан душман издеп жатат.

УКМК башкаруучу кландын кайсынысына болбосун, кызмат кылып келүүдө. Биз муну Акаев, Бакиев, Атамбаевдин режимдери алмашканда көп ирет көрдүк. Президент Сооронбай Жээнбеков кеткенде деле дал ошондой болот, анын бийлиги колдон чыккандан кийин тегерегиндегилер ал алсызданып калды деп эсептешет. Бийлик үчүн жалпысынан, балким президентти болсо да, садага чаап, бир гана система өзгөрбөсө болду дейт

УКМК да башкаруучу кланга кызмат кылып, өлкөнү өнүктүрүүнүн тормозу болуп калды. Комитет реформаланышы керек. Парламенттик чыныгы башкаруу керек.

Саясий аңдууну, экономикалык кылмыштуулукту, тергөөнү УКМКдан ажыратыш керек. Реформа негизги функциялардын абалын гана жакшыртпастан, чалгын жана контрчалгынды, чек арага чектеш аймактагы дайым келаткан жаңжалдардан арылтып, экономикалык өсүштү камсыз кылат.

Коом мультипликативдик натыйжа берген системалуу рефооманы талап кылып, алдыга кадам таштап жатат. бул демократиялуу саясатчылар жана прогрессивдүү жарандар укук жана эркиндиктерин күчтү талап кылбаган ыкма менен жактап, чагымдарга жол бербей жатат, бул — саясий маданияттын эң негизги белгилери. .

Равшан Жээнбеков

Саясий туткун.

СИЗО-1

02.06.2020

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты