​Боронов Өзбекстан премьер-министри Арипов менен жолугушту. Жергиликтүү калк менен жолугушпады

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме-Автодорожный» өткөрмө пунктунда Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чектеш айылдардын жашоочуларынын ортосунда болуп өткөн жаңжал талкууланды.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде болуп өткөн окуяга байланыштуу өкүнгөнүн билдиришип, жагдайды жөнгө салуу боюнча биргелешкен акыркы чаралардын топтомун кабыл алуу, эскалацияга жол бербөө жана чектеш аймактарда чыңалууну жоюу тууралуу пикирлерин айтышты.

Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди.

Биринчи вице-премьер-министр Боронов жана Өзбекстан премьер-министри Арипов ошондой эле эки жактуу кызматташуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышты.

Ал эми жергиликтүү тургундар Кубатбек Боронов алар мене жолугушпай туруп сүйлөшүүгө киргенине нааразы болгондорун билдиришти.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты