​Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуядан жаракат алгандар бар

Чек арага чектеш аймактагы тургундардын ортосунда орун алган окуя боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

-Чек арага чектеш аймактагы окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев, Сох районунун акими менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Учурда абалды турукташтыруу үчүн үчүн укук коргоо органдарынан кошумча күч тартылууда. Окуядан улам жаракат алгандар бар, -деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ал эми социалдык тармактарда ал жактагы мындай видеону көрүүгө болот.

Бүгүн, 31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Сох анклавынын Чашма айылынын (Өзбекстан) тургундары ортосунда чыр чыкты.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты