Улуттук университеттин мугалимдери пандемиядан улам айлык-акыларынын кыскартылганына нааразы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин мугалимдери айлык-акы толук төлөнбөй турганына нааразычылыктарын билдирип жатышат. Алар онлайн сабактарды толугу менен өткөнүнө карабай, университет бир гана ставкага айлык төлөнөрүн, кошумча 0,25 жана 0,5 ставкалары үчүн август айында гана төлөнөрүн айтышкан.

“Учурдагы пандемиялык абалга байланыштуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин мугалимдерине эмгек акы бир ставкага гана берилет. Калган, мурда алып жүргөн кошумча 0,25 жана 0,50 ставка үчүн акча август айында төлөнөт. Тилекке каршы отпускной да ар бир айга бөлүнүп бериле тургандыгы бизге маалым болду.

Журналистика факультетинин деканы Айна Дүйшекеева деканаттын WhatsApp’тагы группасына “Урматтуу коллегалар! Айлык адаттагыдай эле 31-май күнү Университеттин күнүнө карата которулат. Бирок пандемияга байланыштуу студенттер окуу акысын төлөй албай жаткандыктан, эмгек акы 1 ставкага гана берилет. Калган кошумча 0,25 жана 0,5 ставка үчүн август айында төлөнөт. Шартка байланыштуу отпускной дагы ар бир айда бөлүнүп берилет. Түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем. Аман бололу!” деп жазган.

Сүрөттө: Декандын жазган билдирүүсү

Бул кабар университеттин мугалимдеринин нааразычылыгын жаратты. “Кандайдыр бир резервдик фонд болушу керек да? Алдыда жай турат. Акыркы эки айда дагы түшүнүксүз болду? Отпускной нормалдуу төлөнбөсө, айлык дагы кыскартылса мугалимдерге абдан эле оор болот”, — деп айтат мугалимдердин бири.

Журналистика факультетинин профессору Нуржан Жумагазиева Фейсбуктагы баракчасына: “Декан, мугалимдердин группасына “Ж.Баласагын атындагы КНУнун мугалимдеринин эмгек акысы кыскарат. Пандемия – туура түшүнүү менен кабыл алгыла” – деп жазган. Туура декан 30 миң сом, жөнөкөй мугалим 10 миң сом алат. Ушул айлыкты да кечиктирип жатышат. Бирок, кандайдыр бир резервдик фонддор болуш керек эле да…” – деген билдирүү калтырган.

Нуржан Жумагазиев пандемия учуру болсо дагы окутуучулар сабактарын онлайн режиминде өткөнүн айтат:

“Биздин айлыгыбыз азайып атат. Мен го доктордук иш жазам деп 0,75тик ставкага өтүп алгам. 14 миң айлык алам. Профессор, кандидат наук болуп туруп. А бизде жөнөкөй 9 миң сом айлык алгандар бар. 9-8 миң сомдун 2500-3500 сомун августта төлөйбүз деп кыскартып койсо, ар жакта калган биртке акчаны кайсынысына жеткиришет. Биз пандемия деп студенттерге сабак өтпөй койгон жокпуз да. Онлайн режиминде мурдагыдай эле иштеп жатабыз. Айлыгыбыздын 0,25 жана 0,50 ставкасын август айына жылдырып коюшуна мен каршымын. Ушундай убакта жетекчилик тескерисинче мугалимдерди колдоого алышы керек эле да” – дейт.

Ал эми университеттин проректору Бекжан Темиров маалыматтарды четке какты.

“31-май Университеттин күнүнө карата май айынын айлыгы эч кыскартуусуз мурда кандай болсо, ошондой эле толугу менен берилет. Эгерде студенттердин контракттарынын эсебине акча түшпөй кала турган болсо, анда июнь, июль айында ала турган кошумча 0,25- 0,5 ставкаларынын акчасын кийинки айларга бөлүп берели деп атабыз. А эгерде акча бюджетке түшө турган болсо, анда айлыкты толугу менен беребиз. Бирок, таптакыр төлөбөй коебуз деген маселе жок. Айрымдар, ректор Канат Садыковдун онлайн-жолугушууда айткан сөздөрүн бурмалап атышат. Биздин, мугалимдерге май айынын айлыгын толугу менен бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буюрса, 29-майда которулат” – дейт Улуттук университетинин проректору Бекжан Темиров.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы Кыргыз Улуттук университет өзүн өзү каржылаган окуу жай экенин, ал жактагы мугалимдердин айлык-акысы бюджеттен төлөнбөй турганын билдирди.

“Айлыктарды университет өзү берет, бюджеттен акча төлөнбөйт. Бирок биздин министрликке айрым студенттер, алардын ата-энелери контракт төлөө мөөнөтүн узартып берүү маселесин карап берүүнү өтүнүшкөн. Алардын өтүнүчү менен биз Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна төлөө мөөнөтүн узартуу сунушун бергенбиз”.

Кыргыз Улуттук университетинин расмий сайтындагы маалыматына караганда, 1.01.2019-жылга карата бул окуу жайда жалпы 17 000 студент окуйт. Алардын окуу акысы 24 000ден 60 000 сомго чейин. Ал эми окутуучулардын саны 1900 деп көрсөтүлгөн.

Сүрөт: https://www.knu.kg/

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты