Жапаров: Апрелде бюджеттен каржылана турган кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу пландалууда

  • 2 года мурун

Бюджеттен каржылана турган кызматкерлердин эмгек акысын ушул жылдын апрель айынан тартып көтөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-февралда Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

Жапаров өз сөзүндө бюджет, салык жана финансы саясатынын сапаты ар бир мамлекеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн аныктай турганын билдирди.

«Өткөн жылы аймактарды өнүктүрүүгө, жөлөк пулдарды, айлыкты жогорулатуу аркылуу социалдык чөйрөнү колдоого, куралдуу күчтөрдү заманбап аскердик техника менен жабдууга ири каражат бөлүндү. Анын кайтарымы коом үчүн сезилерлик болууга тийиш. Өлкөбүздүн ар бир жараны бул өзгөрүүлөрдү сезиши керек», — деген Жапаров.

Өкмөт башчы бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарылдыгын айтып, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнө турганын кошумчалады.

2021-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлгөн, бирок индикатор боюнча кошумчалары алып коюлган. Медицина тармагынын башка кызматкерлеринин айлыгы июль айында 50% жогорулаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты