Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында добуш бергендердин саны 100%га жетпей жатканы чындык (Фактчекинг) 

7-декабрь күнү Атай Бейшенбек аттуу Фейсбук колдонуучусу шайлоого катышкандардын саны менен бюллетендердин арасында айырма бар деген билдирүүнү бөлүшкөн. 

Маалыматта, “Бул тараткан маалыматында жалпы 1 293 947 шайлоочу деп берип жатышат анын жарактуу бюллетени 1 173 710 жараксыз болсо 120 000 экөөнү кошсо жалпы катышкан шайлоочулардын саны чыкпай калып жатпайбы?! Жараксыз жана жарактуу добуштардын саны 1 293 710 ал эми бюллетень алгандар 1 293 947!”, — деп айтылат. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында добуш бергендердин саны 100%га жетпей жатканы чындык (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-декабрь күнү шайлоонун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз жарыялаган. Анда, шайлоого катышкандардын жалпы саны 1 млн 293 миң 534 (АСУ) адам экени айтылат. Башкача айтканда, шайлоого укук алгандардын 34,94%ы добуш беришкен. 

Автоматтык эсептөөчү урна боюнча, жалпы добуш бергендердин саны 1 млн 293 миң 534 болгон. Бул 100% деп эсептелет. Жарактуу бюллетендер 90,43% болсо, жараксыз бюллетендер 9,57% болуп жатат. Бул сандарды кошкондо жалпы добуш бергендердин саны чыгып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында добуш бергендердин саны 100%га жетпей жатканы чындык (Фактчекинг) 

Ал эми кол менен эсептөөдө, шайлоого катышкан жалпы добуш берүүчүлөрдүн санына карганда, жарактуу жана жараксыз добуштардын саны 237 добушка аз болгон.

Башкача айтканда, кол менен эсептөөдө жалпы добуш бергендердин саны 1 млн 293 миң 949 болуп турат. Бул 100% болуп эсептелет. Анын ичинде жарактуу бюллетендер 1 млн 173 миң 710, бул 90,71% болсо, жараксыз бюллетендер 120 миң, 9,27% добуш болуп жатат. Бул сандарды кошкондо жалпы добуш бергендердин саны 1 млн 293 мин 710 болуп, ортодо 237 жок болуп жатат.

Нааразычылыктар жана күмөндүү фактылар 

28-ноябрда өткөрүлгөн шайлоого жалпы 21 партия катышкан. Алардын арасынан, 5%дык чектен алты партия өттү.

Буга чейин, парламентке өтүү үчүн жетиштүү добуш топтой албаган партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен БШКнын алдына чогулушкан. Алар, шайлоодо добуштарды жок кылуу көрүнүштөрү бар экенин билдиришкен.

Ошондой эле, шайлоодон кийин БШКнын сайтынын иштебей калышы да бир топ күмөн жаратып, добуштарда айырмачылыктар байкалган

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы бул техникалык катачылык экенин билдирген. 

Жыйынтык: Добуштарды кол менен саноодо жарактуу жана жараксыз бюллетендердин саны менен шайлоочулардын санында айырма болгону чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты