​Кыргызстан бир жылда өткөн шайлоолорго 2 млрд сом коротту

Борборду шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоонун сметасын бекитти. Анда жалпы чыгымдар 592,5 млн сомду түзгөн. ПолитКлиника 2020-жылдагы парламентик шайлоонун чыгымдары менен салыштырып көрдү.

Жаңы чыгымдар

2020-жылы БШК парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн 446,9 млн сом короткон. 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган кезектеги парламенттик шайлоодо шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын абдан сарамжалдуу пайдаланылгандыгын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген.

Ал маалыматта 2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен бул жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө 732 млн сом каражат бөлүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы бул каражатты сарамжалдуу пайдаланып, парламенттик шайлоону өткөрүүгө анын 446 млн. 900 миң сомун коротууну пландап жатканы кабарлаган.

БШКнын бул маалыматында манипуляция колдонулган. Себеби, бюджеттин акчасы сарамжал пайдаланылганынан эмес, пандемияга байланыштуу жергиликтүү шайлоолор өтпөй калганынан улам үнөмдөлгөн

Кийинчерээк БШК 4 -октябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча чечим кабыл алган. Мындай чечим жарандардын добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуудан улам шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуна байланыштуу кабыл алынган. Ал эми 2021-жылы жалпы чыгымдар 592,5 млн сомду түздү. Чыгымдардын арасында жаңы чыгымдар: машиналар жана жабдуулар үчүн 35 млн сом, ижара акы 900 миң сом кошулган.

Канцелярдык буюмдарга 25,7 млн сом сарпталган

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын сентябрь, октябрь айларына пландаган сатып алууларын аналидеп көрдүк. Анда жалпы 58,9 млн сомго тендерлер уюштурулган жана пландалган. Аталган сумманын 43%ы, тагыраагы 25,7 млн сому канселярдык буюмдарга бөлүнгөн.

Бир жылда төрт шайлоого кеткен 2млрд сом

2020-жылдын октябрь айындагы шайлоодон кийин өлкөдө бийлик алмашып, 2021-жылдын 10-январында өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров жеңип чыккан. Ошол эле күнү өлкөдө башкаруу формасы боюнча референдум өттү. Анда шайлоого жалпы 549,1 млн сом коротулган.

Андан кийин 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Бул процесстерге кеткен жалпы сумма 425,2 миллион сомду түздү.

Бишкекте, Ошто жана Токмокто 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жокко чыгарылып, кайра шайлоо өттү. Бул шаарлардын шаардык кеңештеринде 11 -июлда болгон кайра шайлоо 48 млн сом болду.

Ошентип 2020-жылдан бери өткөн шайлоолорго Кыргызстан жалпы 2 млрд 600 миң сом коротту.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты