​Материал жазууда гендердик теңдикти сактоо боюнча журналисттер үчүн чек-лист

Журналисттер бардык материалдарында гендердик теңдиктин принциптерин сактоосу зарыл.

Материал жасоодо эске ала турган негизги кеңештер:

  1. Гендердик теңдикти сактоо аялдар жана кыздар гана үчүн эле эмес, жалпы коом үчүн пайдалуу экенин түшүнүү жана кабыл алуу.
  2. Аялдарга жана кыздарга карата дискриминация жасаган, басынткан, кемсинткен, шылдындаган элдик макал лакаптарды, салттарды колдонобоо, жана аларды позитивдүү маанайда көрсөткөнгө жол бербөө .
  3. Үй жумушун жасаган, бала баккан эркектерди баатыр же байкуш катары көрсөтпөө.
  4. Сүрөттөрдө аял жана эркекти бирдей деңгээлде, дискриминациялык жагдайсыз көрсөтүү.
  5. Аялдар менен эркектердин коомдогу абалынын айырмачылыгын эске алуу.
  6. Мыйзамдагы жана жашоодогу гендердик дискриминацияны тушүнүү.

Гендердик ролдор – миф жана куру намыс

Биздин коомдо аялдар жана эркектер жасаган жумуштар деп экиге бөлүнөт деген пикир калыптанган:

  • Эркектер — курулушта, өндүрүштө, финансы тармагында
  • Аялдар — билим берүү, саламаттыкты сактоодо тейлөө кызмат көрсөтүү багытында.

Гендердик теңдикке жетүү үчүн аял менен эркектин ишин экиге бөлгөн туура эмес түшүнүктөрдү өзгөртүү зарыл.

Аялдар жетекчилик кызматта, милиционер, ишкер, айыл өкмөтү, учкуч, слесарь, трактор же такси айдоочу сыяктуу иштерде эмгектенгенин айрымдар өөн кабыл алышат. Ар бир аял өзү каалаган кесипти тандоого укугу бар экенин кабыл алуу абзел. Ушул кесиптерде иштеген аялдар тууралуу жазылган материалдар сөзсүз турдө коомдун пикирин өзгөртөт.

Ошондой эле эркектердин мугалим, медмырза, тазалагыч, идиш жуугуч, тарбиячы болуп иштегенин кадыресе көрүнүш катары көрсөткөн материалдар тынымсыз өзгөрүп жаткан коомго жакшы таасирин бермек.

Айрым үй-бүлөлөрдө эркектердин жумушу жок, аялдары иштейт. Рынокто бар жумуштарга аялдын иши деп, эркектер намыстанып, барышпайт. Элдин сөзүнө карабай иштеген адамды жакындары шылдыңдайт. Иш жоктуктун, куру намыстын, ар кандай басынткан кептердин айынан, үй-бүлөдө нааразычылык, чыр-чатактар, ажырашуулар, аракка берилип кетүүлөр көп кездешет. Андыктан, мындай терс жана зыяндуу стереотиптерди жоюу жалпы коомдун өнүгүшүнө алып келет.

Адатта, бала баккан, үй жыйнаган, кир жууп жайган эркектерди баатыр катары көрсөтүп, же маскаралаган пикирлер көп жазылат. Мындай пикирден толугу менен арылуу шарт.

Түшүндүрмө

Мисал

Ушул эле ишти аялдар жасаса, кадыресе кабыл алышат, ал эми эркектер жасаса баатыр же байкуш делет.

Бул стереотиптүү көз караш. Себеби баланы багуу, үй тирилигин жүргүзүү аял менен эркектин бирдей милдети. Бул иши үчүн маскаралоо дагы, мактоо дагы туура эмес. Бул иш кадыресе көрүнүш болуусу керек.

Асан азамат экен, аялы иш сапарга кеткенде, бир жашар баласын өзү багып, үй-тирилигине дагы жетишип атты.

Үй жыйнап, бала багып отурган эрди кантип эркек деп айтасың.

Жардам берүү – кимдир бирөөгө өз милдетин аткарууга жардам берүү деген маанини камтыйт. Баланы багуу атанын дагы тең милдети, андыктан “жардам берет” эмес, “багат, киринтет, тамак берет” деп айткан туура.

Асан кечинде баланы багууга, киринтүүгө, тамак берүүгө жардам берет.

Атанын декреттик өргүүгө чыгышын колдоого алган материалдарды жаратуу зарыл. Мындай материалдар аталар арасында декрет алуу учурларын көбөйтөт жана коомдун өнүгүшүнө чоң пайда алып келет.

Бакыттын декретке чыкканын эмгек жамааты таң калуу менен кабыл алды.

Декреттик өргүүгө ким чыгары тууралуу чечимди иш берүүчү эмес, үйбүлө өзү кабыл алат. Ал эми жетекчилик мындай чечимди колдоого алуусу шарт.

Бакыттын декретке чыкканына жетекчилиги нааразы болду

Гендердик стереотиптер

Аялдарга карата терс стереотиптерди тараткан, дискриминациялаган, басынткан өнүгүүсүн чектеген элдик макал-лакаптарды колдонбоо, алардын идеясын чагылдырган материалдарды жаратпоо сунуш кылынат.

Учурдагы коомду аялдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, анын ичинде ораторлук чеберчилигин дагы өркүндөтүүгө бардык шарттарды түзүүгө үндөө зарыл.

Байтал күлүк салтта жок, катын чечен наркта жок

Ар тараптуу тыюу аялдын талантын өнүктүрбөй, мүмкүнчүлүгүн чектейт. Тескеринче кыздын окуусуна, таланттарынын ачылышына, тилектерин, кыялдарын ишке ашыруусуна кырк үйдөн колдоо деген идеяны тараткан туура.

Кызга кырк үйдөн тыюу

Аялдын милдетин, сапатын, мүмкүнчүлүгүн үй оокатка гана байлаган бардык стереотиптерден арылуу зарыл.

Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.

Кыз дагы эркек баладай эле жашоодо өзү каалаган жолун тандоого укуктуу. Андыктан кыз бараар жерин өзү тандайт.

Кыздын бараар жери – күйө

Бул макал аялдын негизги милдети үй жыйноого байлаган дискриминациялаган пикир. Себеп дегенде, үйдү таза кармоо аялдардын эле эмес эркектердин дагы бирдей милдети.

Кыздуу үйдө кыл жатпайт

Ушундай зыяндуу салттан улам, көптөгөн үй-бүлөлөр куру намыс кылып, жашоосун бузуп алышууда. Ата-эне шарты туура келсе кызы күйө баласы менен дагы жашаса болот. Мунун эч кандай уяты, намыс кылчу жери жок.

Кыздын төрүндө болгончо,

Уулдун улагасында бол

Мыйзам боюнча ата энеден калган мураска кыздар дагы тең укуктуу. Кызды мурастан, жер үлүштөн, мүлктөн кур жалак калтыруу алардын социалдык абалын начарлатып, өксүтүп, материалдык жактан көз каранды кылат. Аялдардын социалдык жактан алсыздыгы түздөн түз балдарына дагы таасир берет.

Чыккан кыз чийден тышкары.

Азыркы заманда активдүү баарлашууга, сырдашууга, пикир алышууга аялдар да эркектер да бирдей кызыгышат. Ал эми ушакчылык аялдарга гана тиешелүү сапат деген түшүнүк чындыкка жатпайт.

Асыранды баланы айылчы катын чыгарат.

Ала качып, мажбурлап күйөгө бергенде ыйлап келген кызга айтылчу негизсиз, зыяндуу пикир.

Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.

Кыз атасы малын жегенге эмес, өзү тандаганга турмушка чыгаарын коом кабыл алуусу керек.

Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.

Бөлүнүп кетчү кыз дагы, уул дагы башка үйдүн жарыгы.

Кыз — башка үйдүн жарыгы

Социалдык тармактарда кыздуу болсо “Кырк жылкылуу болдум” деп сүйүнчүлөп пост жазып калышат. Кызды малга алмаштырчу буюм катары кароо барып турган түркөйлүк.

Кыз — кырк жылкы, эркек бала — ырыскы. Сексен жылкы, сегиз төө септүү кыздын калыңы.

Жарыялоо үчүн сүрөт тандоо

Кайсы бир материал же репортаж үчүн сүрөт тандоодо аял эркек тең көрсөтүлүшү шарт.

Эки аял эки эркек бирдей деңгээлде баарлашып жатканы туура сүрөт.

Аял эркектин саны гана бирдей эмес жасап жаткан иштери дагы бирдей денгээлде болуусу гендердик теңдиктин эрежесине туура келген сүрөт. Мисалы эркек киши трибунада сүйлөп ал эми аял жанына суу коюп атканы теңдике жатпайт. Же болбосо, кыргыз улуттук кийим кийген кыздардын салтанаттуу жыйындагы сүрөтүн колдонуусу туура эмес. Мындай учурда улуттук кийимчен жаш уландар дагы сүрөттө болуусу шарт.

Гендердик стереотиптерге каршы чыккан сүрөттөрдү колдонуу сунушталат. Мисалы: Баласына тамак берип аткан ата. Комбайн айдаган аял, башталгыч класска сабак берип жаткан агай. Укол сайып аткан медага. Машине оңдогон аял. Жетекчи аял.

“Пандемия учурунда эрдик көрсөткөн доктурлар” темасына ак халатчан эркек доктурдун сүрөтүн колдонуу гендердик сезимталдыкка жатпайт. Бул иште аялдардын ролу абдан чоң.

“Кыргызстандын региондорундагы карапайым элдин басымдуусу мигранттардын эсебинен жашайт” – деген темага эркек мигранттын сүрөтүн колдонуу туура эмес. Бул иште аялдардын салымы чоң экенин талашсыз.

“Учкуч кесиби — кыялдар жана асманга болгон сүйүү жөнүндө” – темасына эркек учкучтардын сүрөтүн колдонуу гендердик сезимталдыкка жатпайт.

Терезе жууган заманбап аспапты фартук кийген аялдын сүрөтү аркылуу рекламалоо туура эмес.

Сексизмдин табиятын таануу

Сексизм — бул жыныстык өзгөчөлүгүнөн улам адамды дискриминациялоо, жаман көрүү, басынтуу. Биздин коомдо эркектердин аялдарга карата сексисттик көз караштары өзгөчө күч алган. Бирок эркектерге карата дагы сексисттик көз караштар бар. Ошол эле учурда жакшы ой менен айтылган сексизм дагы бар. Айрым адистердин айтымында сексизмдин түпкү максаты аялдарды жетекчиликке, бийликке, чечим кабыл алуучу кызматтарга жолотпоо болуп эсептелет.

Көп колдонулган стереотиптер, секситтик ой жүгүртүү:

Аялдар жумшак, чыдамкай, боорукер болуусу керек

Эркектер күчтүү жетекчилер — себеби табиятынан логикасы, аналитикалык ой жүгүртүүсү күчтүү.

Катындай болуп кылыктанбай түз айтуу керек.

Аялдар такси айдоочу боло албайт, себеби алардын шаарда ориентир алуусу начар.

Аялдар уй бүлөөнүн оош кыйышын, түйшүгүн назик көңулүнөн, сезимтал жүрөгүнөн өткөрүп, баарына чыдайт.

Келиндүү болсоңор колуңар бошоп жеңилдеп калат элеңер.

Коомдук жайдагы катын сымал эркектин кылыгы мени таңгалдырды.

Ыйлаба, кыздарга окшоп, сени эркек дейт.

Биздин үйдө кыз жашайбы, дайым эле идиш жуулбай турат!

Мага сиз менен иштеген жакты, эркекче иш кылат экенсиз !

Аялдарга квота бербесе кантип депутат болот.

Гендердик сезимтал журналистика

Материалдарда аялдар менен эркектер бирдей деңгээлде берилиши гендердик сезимтал журналистиканын негизги критерийи. Төмөнкү макала баш аттарын салыштырсаңар:

Туура

Туура эмес

Баласын таштап кеткен адам табылды

Баласын таштап кеткен аял табылды

Кайырчы ата-энелер балдарынан убактылуу ажыратылмай болду

Кайырчы аялдар балдарынан убактылуу ажыратылмай болду

Чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга шектелип кармалган жарандарды бошотуу талабы айтылды.

Чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга шектелип кармалган аялдарды бошотуу талабы айтылды.

Элдин күбөлүгун топтогон жарандар көрсөтмө беришти.

Элдин күбөлүгун топтогон аялдар көрсөтмө беришти.

Татыктуу аялдар депутат болушту.

Квота берилген үчүн аялдар депутат боло баштады.

Гендердик теңчилик тууралуу материал жазууга кеңештер:

  • Башкаларга үлгү боло турган аялдардын тагдырын чагылдырганга аракет кылгыла.
  • Контекстти изилдеп чыгып, коомдогу гендердик теңсиздикти ачып көрсөткүлө.
  • Берген аргументтерди тастыкташ үчүн статитистикалык маалыматтарды колдонгула, жана изилдөөлөрдүн маалыматына таянгыла.
  • Гендердик стереотиптерди, сексисттик көз караштарды жоюуга багытталган материалдарды жараткыла.
  • Коомдун гендердик теңчилик тууралуу пикирин трансформациялаган материалдарды байма бай жараткыла.

Гендердик трансформациялык коммуникация

Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө түрткү берген материалдарды жаратуу гендердик трансформациялык материалдар болуп эсептелет. Мисалы, журналисттик материалдын жардамы менен:

  • аялдардын укуктарын теңдеген мыйзмадар кабыл алынса;
  • үйдүн ишин аял-эркек тең бөлүшүп жасоо кадыресе көрүнүшкө айланса;
  • аялдардын инженер, учкуч, слесарь, жетекчи, ири ишкер болуп иштеши коом тарабынан сынга алынбай калса;
  • ЖМКда, социалдык тармактарды сексисттик көз караштар таратылышы кескин азайса;
  • аялдарга карата зордук зомбулуктун статистикасы азайса — журналисттик материалдар трансформациялык болуп эсептелет.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты