Финансы министирлиги мамкызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 миллиард сом каралганын билдирди

  • 2 года мурун

Ушул жылдын 1-августунан тартып бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.

Бул тууралуу финансы министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет тармагындагы кызматкерлерге мамлекеттик жарандык жана муниципалдык, мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген,  кенже техникалык тейлөө, күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок  кызматкерлер кирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, эмгек акыларды жогорулатууга бюджетте эмгек акы фондусуна 7 миллиард сомго жакын каражат каралган.

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун «Бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде 1-апрелден тарта социалдык тармактын, медицина , маданият, спорт , мамлекеттик бюджеттен каржылануучу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин  жана мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты