​Эки медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

8-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Инфекция жуктурган медкызматкер Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда катталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына кабылган медициналык кызматкерлердин саны 226га жетти.

Алардын ичинен 163 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда бүгүнкү, 8-майдагы, маалымат боюнча COVID-19 инфекциясынын 11 учуру катталып, жалпы саны 906га жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты