COVID-19: Жалпысынан 614 бейтап айыкты
- 4 года мурун
6-майдагы маалымат боюнча, бир сутка ичинде 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Анын ичинен: Бишкек шаарында – 5, Жалал-Абад облусунда-5, Нарын облусунда– 3, Ысык-Көл облусунда – 1 киши.
Республика боюнча жалпы 614 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.
6-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталып, жалпы саны 871ге жетти.
Иллюстрациялык сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү