​“Чалканчы” Сулуубек Токсобаева 91 жашында дүйнөдөн өттү

  • 4 года мурун

Кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы журналисттердин бири Сулуубек Токсобаева 30-апрелде 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Сулуубек Токсобаева 1929-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган.
1946-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун 1949-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде иштөөдөн баштаган.

Кыргыз сатирасына кыз-келиндерден биринчилерден болуп баш оту менен кирип, журналист – сатирик катары таанылган.
Ал республикалык “Чалкан” журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Ал Москвадагы журналисттердин V съездине делегат болуп катышкан.Сулуубек Токсобаеванын эмгеги элге бааланып, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеӊешинин Ардак грамотасы менен, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы менен сыйланган.

1983-жылы анын балдар үчүн «Эки таранчы» китеби жарык көргөн. «Табам, чагам», «Айланкөчөк» аттуу китептерде аӊгемелери жарыяланган.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ардагерлер кеӊешинин мүчөсү болгон.
Сулуубек Токсобаеванын жаркын элеси аны билгендердин эсинде түбөлүккө сакталат.
Маданият, маалымат жан туризм министрлиги маркумдун бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты