​Үсөнбаев: Эпидемиянын жогорку чеги ылдыйлап баратат десек болот

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эпилемиянын жогорку чеги ылдыйлап бара жатат деп адис катары тастыктоого болот деп билдирди.

-Эпидемиологиялык параметрлер, көрсөткүчтөр сүйүндүрбөй койбойт. Бүгүн 38 бейтап айыгып үйүнө чыгып кетип жатат.Тыкыр текшерүүдөн кийин коронавируска чалдыккан 19у туруп жатат, бул сакайып чыккандардын санына салыштырмалуу айырмасы болсо, тенденциясы түзөлүп, бийик чегине жетип калдыкпы дегенди адис катары тастыктап айтсак болот,- деди ал маалымат жыйынында суроолорго жооп берүү учурунда.

23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталып, жалпы саны 631 киши болду.

48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 302 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты