​Лениндин туулган күнүнө 150 жыл толду

Бүгүн, 22-апрелде, Советтер Союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири Владимир Ильич Лениндин туулганына 150 жыл толду.

Москвада карантинге карабастан Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов жана башка коммунисттер, солчул уюмдардын өкүлдөрү Лениндин мавзолейине гүл коюшту.

Кыргызстанда, Бишкек шаарында, “Кактус медианын” окурмандарынын билдирүүсү боюнча, борбордук көчөлөрдүн биринде Лениндин туулган күнүнүн 150 жылдыгынын урматына эстелик жазуу пайда болду. Анда жазуу эки тилде “Кыргыз жумушчуларынын жол башчысы Владимир Лениндин туулгандыгынын 150 жылдыгы” деп жазылган.

Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев “Фейсбук” баракчасына кечээ мындай деп жазды:

“Владимир Ильич Ленин (Ульяновдун) туулган күнүнө 150 жыл болот. Биз, коммунисттер, ал датаны салтанаттуу белгилейли дегенбиз. бирок азыркы абал ага жол бербейт. Албетте, биз Лениндин эстелигине гүл коебуз.

Ленин 54 жашында дүйнөдөн өтүп, өзүнүн эбегейсиз ишинин натыйжасын көрбөй кеткен. Бирок анын ойлору жана теориялык жыйынтыктары улуу держава СССРди куруунун негизи болду.

73 жыл бою, кыргыздар менен орустар жана көптөгөн башка элдер ынтымакта жана биримдикте бир өлкөдө жашаган болчу.

Бирок “жетекчилерди” сатып алып, байлык топтоо үчүн ал өлкөнү талкалашты. Андагы элдерди кууп, айрымдарын душманга айлантышты.

Бул өлкөдө туулганыма, өсүп-жетилип жана тарбия алганыма сыймыктанам.

Солженицинди жана башкаларды окуган эч бир “акылдуу» мени социализм жаман болгон деп ишендире албайт. Ооба, көйгөй болгон, бирок алар чечилип турган, кыйынчылыктар болгон, бирок алар четтетилип турган.

Социализм гана ар бир адамды татыктуу жашоо менен камсыз кыла алат. Жакын арада эле дүйнө өзгөрүлөт, Лениндин идеялары, социализмдин идеялары актуалдуу боло баштайт. Мага ишенип койгула” деди Масалиев.

1917-жылы Ленин Советтик Россиянын Эл комиссарлар кеңеши — өкмөтүнүн башына келген. Бул кызматты ал 1924-жыллга, көзү өткөнгө чейин жетектеген. 1922-жылы Советтер Союзу негизделген. Анын курамына 15 союздук республмка, анын арасында Кыргызстан да бар болчу. Советтер Союзу 1991-жылы ыдыраган.

Сүрөт: Кочкордогу Лениндин эстелиги. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты