Элмирбек Иманалиев төгөрөгү төп келген жорго эле…

Бүгүн кыргыз эли өзүнүн сүймөнчүктүү уулу, төгөрөгү төп келген жорго, көп кырдуу талант ээси — ак таңдай акын, обончу, дастанчы, актер, дегеле мыкты уулу Элмирбек Иманалиевди жоктоп, кабыргасы кайышып турган чагы.

Бүгүн Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга узатылат.

Ак таңдай акынын жоктоп жаткан жалпы элибизге көңүл айтабыз. Жалпы элдин кабыргасы кайышып, өзгөчө анын уул-кыздарына, жубайына, жакындарына, дос- теңтуштарына, кесиптештерине оор болуп турат. Элмирбек элдин багына жаралган теңдешсиз уул эле! Атаганат, бул жашоодон эрте кетти. Бирок аз жашаса да, саз жашап, артына эбегейсиз эмгек калтырып кетти.

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык, өзгөчө абалдын шартына жараша, аны акыркы сапарга узатууга чектелүү адамдар барганы турат. Эл даңктуу уулун бук болуп ар ким өз үйүндө эскермекчи, мындан ары да эсинен эч убакта чыгарбай турганына ишенебиз!

Төмөндө Элмирбек Иманалиевдин досторунун эскерүүсүн угалы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты